www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Энергетика тармагында эксперт болуп бул багыттагы коррупциялык иштерди көп айтып жүргөн Расул Умбеталиев жай мезгилинде Токтогул ГЭСинен 2 миллиард куб суу Казакстанга агызылганын айтты.
Ал өкмөттүн “Казакстанга 300 млн. куб суу агызылды” - деген билдирүүсү чындыкка дал келбей турганын баса белгилеп, “Улуттук энергохолдинг” компаниясы калп айтып жатат деди. Умбеталиев:
“Токтогул ГЭСиндеги суу Казакстанга секдасына 140-250 кубга чейин агызылып жатты. Демек, 1 суткада 12 млн. кубдан 20 млн. кубка чейин жетет. Демек, жалпысынан 92 суткага көбөйтсөк, орто эсеп менен 1 млрд. 400 млн. куб болот. Мындан тышкары, Казакстан тарапка Нарын дайрасынан жана ага жакын аккан каналдардагы суунун кубу 600 миллионго жетет”- дейт.
Туура. Бул жөн гана айтылган сөздөр эмес. Чынында быйыл абдан кургакчылык болду. Токтогул ГЭСинен тышкары, Орто-Токой суу сактагычында да суу азыркы учурда чөйчөктүн түбүндөгүдөй эле болуп турат. Албетте, анча суунун баары сугатка кетти деп айтуу кыйын. Түз эле казак тарапка атырылып агат…
Анын пайдасын көрүп жаткандар элди эмес, өздөрүн гана ойлоп жатышат. Мунун баары кышта элибизге кесепетин тийгизбесе экен. Ак үй, Көк үйдөгүлөр мынчалык эсирбей элди ойлосоӊор болбойбу…