www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токтогул Какчекеев менен Шойгунун Кыргызстанга келиши, кыргызстандагы күч структураларындагы реформа жана аскерибиздин абалы тууралуу ой бөлүштүк.
-Токтогул мырза, Россиянын Коргоо министринин Кыргызстанга келиши көп суроолорду жаратты. Ал тургай Шойгу келгенден кийин кооптуу жагдай жаралышы мүмкүн деген да бүшүркөгөн ойлор айтыла баштады. Сиздин оюңузча ал Кыргызстанга кандай максат менен келип, президент менен эмнелерди сүйлөшүп кетти?
-Мен ал жердеги сүйлөшүүгө катышкан жокмун. Президент экөөнүн ортосунда эмнелер тууралуу сөз болгонун билбейм. Бирок, Президентке Россиянын Коргоо министринин атайын келип, жолугуп, пикир алышып кетишин жакшы жөрөлгө катары баалайм. Анын келишинен шек санап, жаман ойлорго жетеленбей деле койсок болот. Анткени, Шойгу өзүн түрк элдеринин өкүлү катары эсептеп, кыргыздарга жан тартат. Бизди туугансынтат. Бул тууганчыл сезим кыйкымдуу маселелерди чечүүдө, сүйлөшүүдө, оң жакка чечүүдө өбөлгө болот деп ойлойм. Мына ушунун баарын түшүнгөн Путин Шойгуну Кыргызстанга ишенимдүү өкүл катары жөнөттү. Себеби, бизде президенттик шайлоо быйыл болсо, Россияда жакынкы жылдары болот. Менимче президент менен россиянын Коргоо министри Шойгу келечектеги өзгөрүлүштөр жөнүндө жана бекитилген келишимди, стратегиялык шериктештикти кайсыл жолдор менен ишке ашыруунун жолдорун талкуулашса керек деген ойдомун.
-Эмне үчүн Кыргызстанда Коргоо министри жоюлуп, Башкы штапка баш ийип калды?
-Коргоо министри жоюлуп, Башкы шатпка баш ийип калганы ал эч кандай деле өзгөрүүгө алып келбейт. Башкача айтканда, Коргоо министрин Башкы штапка кошуп койгондон мааниси жоголбойт. Башкача айтканда, бул ыкма менен Коргоо министрлигинде эчактан бери келаткан бюрократиялык системаны кулашына шарт түзүп, майнап иштешине жол ачтык. Айтайын дегеним, Башкы штаб коргоо минстринин стратегиясын, анын курамын, эртеңкисине даярдыкты чарбачылыкты, курал-жарактын баарын көзөмөлдөп, эскисин жаңыртып, жаманын жакшыртып, алардын иши илгерилешине шарт түзөт. Мындайча айтканда, Башкы штаб даярдыктын ыкмалардын башы болуп эсептелет. Россияда деле кыйкымдуу маселелерди Коргоо министри эмес, башкы штабдын башчысы Герасимов чечет. Маселен, ал Американын штабынын башчысы менен сүйлөшөт. НАТОнун жыйынына барат. Согушту даярдап, аны ишке ашырат. Коргоо министри саясый фигура болгондуктан, аскердик саясатты кынтыксыз ишке ашырат. Мындай башкаруу Орусияда эле эмес, Түркияда, америкада бар. Ушундай жаңы нуктагы башкаруу жолун жактырбаган Коргоо министринде иштеген адамдар эски ойлорунан арыла албай ушу кантип болсун деп текеберлик кылып, ар кандай коомдук пикирлерди жаратып жатышат.
-Башкы штаб колго алган күч органдарындагы реформа ишке аша баштадыбы?
-Албетте, ишке аша баштады. Ал тургай жакшы жыйынтыгын бере баштады. Атамбаев башында турганы үчүн мамлекет үчүн чоң иштер жасалды. Ал президенттик такка келгенден бери Кыргызстандын 2017-жылга чейинки программасын түзүп, аны ишке ашыруу менен алек болуп жатат. Башкача айтканда, Атамбаев аскердик реформа жасады. Аскерлерди жаңы курал-жарактар менен жабдып, аларды күчтөндүрүп, жаңы ыкмалар менен окутуп, жакшы машыгышына шарт түзүп койду. Жыйынтыгында, мыкты машыккан аскерлерибиз, Россиянын, КМШ мамлекеттеринин жана кытай менен НАТОнун аскердик сынактарына катышып, ийгилик жаратып, мактоого арзып, байгелүү орундарга ээ болуп жатышат. Кыскасы, кыргыз армиясы аскердик сынакка катышкан мамлекеттердин армиясы менен тең тайлашып кыргыз армиясынын күчүн, дараметин көрсөтүп жатышат. Кыргызстандагы аскерлер аз болсо да саз экенин далилдеп жатышат.
—Демек, аскерибиздин саны аз болгону менен саз деп ишеним артсак болобу?
-Болот. Эгер ислам мамлекетине окшогондор кокус мамлекетибизге кооптуу жагдай жарата турган болсо, аскерлерибиз заматта эсебин колуна берип койот. Бүгүн кыргыз армиясы алардан коркпойт. Ал тургай ички душмандар баш көтөрүп, куралдуу төңтөрүшкө барышса, аларды да тартипке чакырып койгонго күчтөрү жетет.
—Эмне үчүн Акаевдин маалында кыргыз армиясынын саны азайып кеткен?
-Акевдин доорунда Кулов “Кыргызстанга аскерлердин кереги жок. Буларды жоюп салыш керек. Маселени ички иштер аскери чечет” деген сунуштарды берген. Жыйынтыгында, аскерлерибиздин саны болуп көрбөгөндөй азайып, аскер тармагы көз жаздымда калган. Атамбаев мына ошол катачылыкка жол берилген саясатты акырындык менен болсо да эпке келтирип, түздөп, аскерлерди күчтөп жатат. Курал жарактарыбыз жаңырып, аскерлерибиз олбурлуу болуп калган үчүн кошуналарыбыз да сестенип калышты.
-Ким президент болбосун реформа жасайм деген саясат менен алек болот. Бирок, ошол реформалар мамлекетибизге пайдалуу болдубу же зыяны тийдиби?
-Акевдин, Бакиевдин маалында жасалган реформалардын көпчүлүгү Кыргызстанга залакасы тийди. Башкача айтканда, Ички иштер министрлигиндеги шоопурларга көзөмөл жүргүзгөн кызматты Кулов корейге берди. Ошондой эле техникалык көзөмөл жүргүзгөн кызматты жана паспортту ГРЕСке берип койду. Кыскасы, Куловдун реформасынын алкагында Ички Иштер министрлиги тонолду. Бакиевдин доорунда деле ошол саясат уланды. Кыргызстан ошондой туура эмес, реформанын азабын тартты. Атамбаев мөөнөтүнүн аз калганына карабай мамлекетке терс таасирин тийгизген катачылыктарды жоюу менен алек болуп калды.
Перизат Рысманбетова
Булак “Фабула”