www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азимжан Аскаровдун иши боюнча Чүй облустук сотундагы иш белгиленгенден эрте башталды. Судья Улан Садырбеков төрагалык кылган соттук коллегия жараянды тасмага жана сүрөткө тартууга уруксат берген жок. Сотко абактагы укук коргоочу катыштырылган жок.

Жараянга Британиянын, Германиянын, Швейцариянын элчиликтеринин жана «Human Rights Watch» эл аралык уюмунун, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин өкүлдөрү көз салды.

Азимжан Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахидов Кыргызстанда быйыл күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык укук коргоочунун иши кайра каралып жатканын кубаттап, бул жараянда мурда кетирилген кемчиликтер оңдолот деп үмүт артты.

Адвокаттын айтымында, Аскаровго козголгон ишти буга чейин кароодо бир катар жагдайларга көңүл бурулбай, тиешелүү экспертизалар жок эле соттолгон. Буга байланыштуу адвокат Вахидов Азимжан Аскаровду толугу менен актап, эркиндикке чыгарууну соттон өтүндү:

Дал ушундай эле пикирди Аскаровдун мыйзамдуу өкүлү, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова да айтып, бул иш эл аралык аренада Кыргызстандын беделине көлөкө түшүрчү иш болгонун кошумчалады.

Ал эми мамлекеттик айыптоо адвокаттардын мындай өтүнүчүнө каршы чыкты. Прокурор Наргиза Кенжетаева «өмүрүнүн аягына чейин кесилген адамдын иши кайра каралууга жатпай турганын» билдирди. Натыйжада Чүй облустук сотунун коллегиясы мамлекеттик айыптоонун позициясын жүйөлүү деп тапты. Кыска кеңешүүдөн соң өкүмдү окуган коллегиянын мүчөсү, судья Тилек Абдрашитов Аскаровго карата өкүм өзгөртүүсүз калганын билдирди.

Облустук соттун мындай чечими Аскаровдун тарапкерлеринин нааразылыгын жаратты. Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова бул чечимдин үстүнөн Жогорку сотко доо арыз жолдошорун билдирди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости