www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоок этинен жасалган даамдар

Кандай азыктар керек?

Тооктун төш эти:

1 кг Жумуртка: 3 даана

Ун: 4 чоң кашык

Талкаланган нан: 1 чоң кашык

Өсүмдүк майы: 300 мл

Туз, мурч, кургатылган сарымсак: татымына жараша

Кантип жасалат?

Тоок этин болжол менен 2х3 өлчөмүндө туурайсыз. Майда кылсаңыз эттин даамы жоголуп кетет, мындан чоң кылсаңыз эттин ичи бышпай калат. Үч бөлөк идиш аласыз да, биринчисине унду, татымына жараша туз, мурч, майдаланган кургак сарымсакты салып аралаштырасыз. Экинчисине жумурткаларды чагып вилка менен жакшылап аралаштырасыз. Үчүнчү идишке талкаланган нанды саласыз. Тооктун тууралган эттеринин ар бирин алгач ун аралашмасына оонатып аласыз. Андан кийин жумурткага маласыз да, аягында талкаланган нанга оонатып чыгасыз. Наггетстерди ушул калыбында баштыкка салып туруп тоңдургучка салып тоңдуруп койсоңуз болот. Качан болбосун алып чыгып кууруп жей берсеңиз болот. Мискейге майды куюп кызытасыз. Даярдалган тоок эттерин аз-аздан салып бардык тарабын кызарта кууруйсуз.

Ичи толук бышуу үчүн орточо отто 3-4 мүнөт кууруганыңыз жетиштүү болот. Майдан чыгарган соң кагаз майлыктын үстүнө коюп койсоңуз, ашыкча майларын соруп алат.

Рулет

Кандай азыктар керек?

Тооктун төш эти: 400 г

Жумшак сыр: 200 г

Каймак: 4 чоң кашык

Лаваш: 2 даана

Туз, мурч

Өсүмдүк майы

Кантип жасалат?

Тооктун этин алгач бышырып аласыз. Муздаган соң кесимдерге бөлүп, блендерде майдалайсыз. Жумшак сырга каймакты, татымына жараша туз, мурч кошуп жакшылап аралаштырасыз. Бул аралашманы майдаланган тоок этинин үстүнө салып дагы аралаштырасыз. Бир лаваштын бетине муну тегиз кылып сүртүп, экинчи лаваш менен жабасыз да, рулет кылып оройсуз. Рулетти кесимдерге бөлүп аласыз. Кызып турган өсүмдүк майына кесилген рулеттин эки тарабын кызарта кууруп коёсуз.

Торт

Кандай азыктар керек?

Тооктун төш эти: 300 г

Пияз: 1 баш

Жумуртка: 3 даана

Ун: 5 чоң кашык

Кабак: 2 даана

Сарымсак: 3 тишче

Өсүмдүк майы 100 мл

Туз, мурч: татымына жараша

Майонез: 6 чоң кашык

Көк пияз

Кантип жасалат?

Тооктун этин кесимдерге бөлүп, пияз менен кошуп эт майдалагычтан өткөрөсүз же блендерде майдалайсыз. Ага жумурткаларды чагып кошосуз. Эми унду, татымына жараша туз, мурч кошуп жакшылап аралаштырасыз. Мындан орточо коюу аралашма пайда болот. Андан төрт даана тегерек омлет бышырасыз. Эми кабактарды тегерек кылып туурайсыз. Алардын ар бирин туз кошулган унга оонатып, кызып турган өсүмдүк майына эки тарабын кызарта кууруйсуз. Эми торт жасоону баштайсыз: бир омлеттин үстүнө куурулган кабактарды тизип, анын үстүнө майонезден шыбайсыз. Майонездин үстүнө мурч, майдаланган сарымсакты себелейсиз. Анын үстүнө кийинки омлетти коёсуз да, азыктарды ушундай эле тартипте тизесиз. Эң үстүндө омлет болууга тийиш. Бетине майда тууралган көк пияздан себелеп коёсуз.

Блинчик түйүнчөктөрү

Кандай азыктар керек?

Блинчик: 6 даана

Тооктун төш эти: 300 г

Пияз: 1 даана

Катуу сыр: 100 г

Өсүмдүк майы:

Кантип жасалат?

Тоок этин сууга кайнатып бышырып аласыз да, муздаган соң майда чарчы кылып туурайсыз. Пиязды майда туурап, кызып турган майга кууруйсуз. Кууруп жатканда татымына жараша туз саласыз. Сырды кыргычтан өткөрөсүз. Эми тоок этин, куурулган пиязды, сырды кошуп аралаштырасыз. Бул аралашмадан ар бир блиндин ортосуна бир кашыктан салып, блинчикти бууп туруп байлап коёсуз. Ал үчүн көк пиязды, петрушканын сабын жана башкаларды пайдалансаңыз болот.

Шишкебек

Кандай азыктар керек?

Тоок этинен жасалган фарш: 400 г

Корица: 4 таякча

Туз, мурч: татымына жараша

Майдаланган көк чөп: 2-3 чоң кашык

Майдаланган сарымсак: 2 тишче

Майдаланган болгар калемпири: жарым

Өсүмдүк майы

Кантип жасалат?

Азыктардын баарын аралаштырып, 1-2 саатка муздаткычка салып коёсуз. Андан кийин алып чыгып фаршты төрткө бөлөсүз да, корицаларга саясыз. Шишкебекти духовкага кызарта бышырасыз.

Тамагыңыз таттуу болсун!

 

Последние новости