www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөсүнүн Ооганстанда согушууну кааласа муну бир жумада жеңе туранын белгилеп: «Бирок 10 миллион кишини өлтүргүм келбейт», - деди.

АКШнын президенти Трамп менен Пакистандын премьер - министри Имран Хан, Ак үйдөгү жолугушууларынын алдында журналисттерге Ооганстандагы акыркы кырдаал туурасында маалымат беришти.

Трамп Ооганстанда көптөгөн жылдардан бери уланып келе жаткан согушка байланыштуу жакынкы убакта Пакистандын да жардамы менен натыйжа алууну күткөндөрүн айтты.

Дональд Трамп: «Ооганстанда согушпай элебиз, ал жерде полиция кызматкери сыяктуубуз. Полиция болгубуз келбейт. Эгерде Ооганстанда согушууну кааласак бул согушту бир жумада жеңебиз бирок 10 миллион адамды өлтүргүм келбейт. Ооганстан мынай абалда жер жүзүнөн жок болот. Ооганстанга байланыштуу, согушту жеңүүгө карата пландарым бар. Пакистан бизге бул темада жардамчы болот. 19 жылдан бери бул өлкөдөбүз, бул чындап эле күлкүнүчтүү абал», - деп айтты.

Трамп Талибан менен сүлөшүүлөрдөн натыйжа алууну үмүт кылгандарын жана Пакистан бул процессте АКШга жардамчы болоорун сөз кылды.

Пакистандын премьер-министри Хан да Ооганстанда аскердик чечүүчү жолдун мүмкүн эместигин белгилеп: «Эгерде толугу менен аскердик жактан бул ишке кире турган болсоңуз миллиондогон адам көз жумат. Учурда Ооганстанда макулдашууга абдан жакынбыз. Ооганстанда шашылыш тынчтыкка муктаждыгыбыз бар. Эң көп Пакистан муктаж анткени көбүнчө биз таасирленүүдөбүз», - деди, деп "trt.net.tr" өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости