www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Эмамоли Рахмон эки тараптуу маселелерди, анын ичинде кыргыз-тажик чек арасы боюнча делимитация жана демаркация маселесин талкуулайт.

"Чек ара чатагына чейин эле дипломатиялык каналдар аркылуу даярдыктар көрүлүп жаткан, ал уланууда. Жолугушуунун датасы жана кайсы жерде болору тууралуу кийинчерээк кабарланат", — деди президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева.

Маалыматка ылайык,  22-июлда саат 17.20 да, Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыкты.Чырдын чыгышына Ворух айылынын жашоочуларынын айылдын кире беришине желек орнотуусу себеп болгон. Анын кесепетинен тараптардын бири курал колдонгон. Эки тараптан тең жабыркагандар бар. Анткени мергенчинин мылтыгы атылган.

Окуя болгон жерден 315 кыргыз жараны эвакуацияланды.

Ал эми акыркы маалыматтарда, кыргыз-тажик чек арасында кайтадан ок атылып, кыргызстандык чек арачылардын бири жаракат алганы айтылды.

Учурда окуя болгон аймакта Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости