www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хандан менен бектен тайманбаган журналист Гүлмира Уметалиева, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндөгү балбал таштын сүрөтүн социалдык тармагы аркылуу жарыя кылды.

“Атамбаевдин үйүнө кайдан пайда болду? Тарых музейинин тегерегинде ушундай балбал таштар турчу эле го... азыр жок болуп калды. Дегеле Кыргыздын кылымдык тарыхына чейин уурдап, келемиштей кертип жатышкан жокпу? Сүрөт музейинен Юрустанбек Шыгаев шылуундук кылып сүрөттүн түп нускаларын уурдаган соң, эч кимге ишенбей, шек эле санап калдым”, - деп жазган Гулмира Уметалиева.

Журналист Уметалиева айткан балбал ташка Кой-Таш тарап кандай жооп кайтарат болду экен...же адатына салабы?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости