www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөр кениндеги таза киреше 10 млрд. долларга жакын экендиги айтылып келет. Бул баштапкы эсептөөлөр. Андан кийин да казып жаткан компания келишимдердин негизинде кошумча касуу аймактарына лицензия алышканы маалым.

Бирок, Кумтөрдөн Кыргызстан акча төлөмдөрдү аз алып жаткандай сезилет. "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын 2018-жылы Кыртызстандын аймагында жүргүзгөн баардык төлөмдөрү 301,938 млн доллардан ашкан. Ишкананын сайтында маалымдалгандай, аталган төлөмдөрдүн ичине салык, аффинаж үчүн төлөмдөр, товарлар үчүн жергиликтүү алып келүүчүлөргө төлөп берүү, кызматтар, инфраструктура, кайрымдуулук жана башка төлөмдөр кирет.

Ал эми ишкана иштеп баштаган кезден тарта 1994-жылдан 2018-жылга чейин Кыргызстанга 3 млдр. 774 млн. доллардан ашык каражат төлөп берген. Былтыр "Кумтөр" кенинде 534 563 унция же 16 626,78 кг алтын өндүрүлгөн. Ал эми сатылган алтындын көлөмү 530 448 унция же 16 498,79 кг түзгөн.

Жыл жыйынтыты боюнча сатылган алтындан түшкөн киреше 660,1 млн. долларды түзгөн. Бир жыл ичинде 9,6 млрд. сомдон ашык салык төлөнгөн.

Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтарына ылайык, Кумтөрдүн КРнын ИДПдагы үлүшү 8,6%ды түзгөн, ал эми жалпы өндүрүштө Кумтөр 18.4%ды түзгөн, - дейт "Факты.kg" гезити.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости