www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ жакын арада Иран менен болгон аскердик жаңжалда жеңишке жетет. Бул тууралуу 16-июлда АКШнын президенти Дональд Трамп элге кайрылуусунда билдирди.

«Биз Иранда чоң ийгиликтерге жетишип жатабыз жана жакын арада бул иштердин жыйынтыгын көрөсүңөр», — деди ал. Кайрылуунун видеосу Ак үйдүн YouTube-каналында жарыяланган. 

Ошол эле учурда америкалык лидер АКШнын алдында тез арада чечилиши керек болгон олуттуу маселе турганын белгилеп, «адилеттүү жана таза шайлоолорсуз эч бир өлкө улуу боло албайт» деп айтты. 

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын басма сөз кызматы 16-июлда америкалык аскерлер Иранга каршы жаңы соккулар толкунун баштаганын маалымдады. Бул катары менен бешинчи чабуул экени белгиленди. Маалыматка ылайык, соккулар Ирандын аскердик потенциалын алсыратууга багытталган.

Последние новости