www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп Иранды коркутуп, 48 саат убакыт берди

АКШнын президенти Дональд Трамп, Иран эгерде 48 сааттын ичинде Ормуз кысыгын ачпаса өлкөнүн энергетикалык объектилерин жок кылуу менен коркутту.

«Эгер Иран Ормуз кысыгын ушул учурдан баштап 48 сааттын ичинде толугу менен ачпаса, АКШ бул өлкөнүн электр станцияларын жок кылат!», - деп жазган Трамп Truth Social социалдык тармагына.

Ирандын армиясы Ак үйдүн башчысынын коркутуусуна дароо жооп кайтарды.

«Эгерде Ирандын мунай жана энергетикалык инфраструктурасы душмандын чабуулуна учураса, АКШнын жана аймактагы бардык энергетикалык, IT жана суу объектилери бутага айланат», - деп айтылат Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, АКШ жана Израил 28-февралдан баштап Иранга авиасоккуларды жасап жатышат, анын натыйжасында Ирандын мурдагы лидери Али Хаменеи жана бир катар жогорку кызматтагы чиновниктер өлтүрүлдү. Иран өз кезегинде Перс булуңундагы коңшу мамлекеттерге ракета жана дрондорду колдонуу менен кол салууда

Последние новости