www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нью-Йоркто федералдык сот АКШ президенти Дональд Трампты жалган жалаа жабууга айыптаган порноактриса Сторми Дэниелстин арызын четке какты.

Сот Конституциянын сөз эркиндигине кепилдик берген биринчи өзгөртүүлөрүнө ылайык, Трамп Твиттерде Дэниелсти келекелөөгө укугу болгон деген негизде чечим чыгарган.

Дэниелс Трамп менен интимдик байланышта болгонун билдирип, бирок президент анын сөзүн калпка чыгарып, шылдыңдап жатат деп эсептейт. Дэниелс президент менен мамилесин ачыкка чыгарбоо тууралуу коркутуп-үркүтүүгө кабылганы боюнча көрсөтмө берген.

Опузалаган киши тууралуу маалымат берүү талап кылынганда актриса сүрөтчү тарткан фотороботту гана көрсөтө алган. Судья буга ынанган эмес.

Мартта Сторми Дэниелс АКШ президенти менен болгон интимдик байланышын ачыкка чыгарбоо тууралуу келишим боюнча Трампты сотко берген. Анын айтымында, Трамптын жактоочусу Майкл Коэн “мамилелерди” купуя сактоо үчүн 130 миң доллар төлөгөнү, бирок документте президенттин колу коюлбаганын билдирген. Кийинчерээк CNN эфиринде ал опузалоо болуп жатканын айткан. Трамп жооп иретинде анын сөзүн “скетч” деп атаган. Ал Твиттерге: “Келесоолор үчүн иштеген фейк-ньюс медианын начар иши” деп жазган. АКШ президенти мындан тышкары Дэниелс сотко көрсөткөн портретти анын мурдагы күйөөсүнүн сүрөтү менен салыштырган.

Donald J. Trump@realDonaldTrump

There is a Revolution going on in California. Soooo many Sanctuary areas want OUT of this ridiculous, crime infested & breeding concept. Jerry Brown is trying to back out of the National Guard at the Border, but the people of the State are not happy. Want Security & Safety NOW!

3:59 PM - Apr 18, 2018

Twitter Ads info and privacy

Трамптын Твитетрдеги билдирүүлөрүнөн кийин Дэниелс аны жалган жалаа жабууга айыптап, сотко берген.​

Булак: Борбордук Азия жаңылыктары

Последние новости