www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияга иштегени барып, кайра Кыргызстанга кайтып келе албай жаткан жарандардын туугандары жардам сурап April.kg порталына кайрылышты. Алардын айтымында, «Фиеста сервис» компаниясы аркылуу түрк отелине жумушка орношкон 46 адам 6 ай иштегенден кийин кетүүгө акчасы же билети жок отуруп калышкан.

«Антальянын Кемер шаарындагы Авангард резорт отелине жумушка орноштурган «Фиеста сервис» компаниясы буларды алдап кетти. Элчиликке кайрылышса, көңүл да бурушпаптыр. Биздин жарандар жардамга муктаж», -деп жазышат мигранттардын туугандары. 

Далил катары балдардын көчөдө каз-катар тизилип отурган, фаст-фуд менен тамактанып жаткан тасмаларын жөнөтүшкөн. Алардын арасында 2 жаштардагы бөбөктүн да жүргөнүн көрүүгө болот. April.kg порталы чет жакта кыйынчылыкка кабылган мекендештердин бул абалына кайдыгер кала албай, окуянын чоо-жайын билүү үчүн «Фиеста сервис» компаниясына кайрылганда, компания жетекчиси бул маалыматты төгүндөдү.  

«Биз июнь айында 46 адамды аталган отелге жумушка орноштурганбыз. 4 ай иштегенден кийин эле 17 бала «Кыргызстанда той болот эле, кете береличи» деп калышты. Негизи келишим боюнча ноябрдын аягына дейре иштеш керек эле. Мен макул болуп, отель менен сүйлөшүп бердим. Болгону, балдарга маянаңарды ала кеткиле дедим. Айлык акы ар айдын 15инде түрк банкында ачылган эсептерине түшөт. Алар эрте кетип калышса, мен алардын банктагы эсебинен акчасын алып бере  албайм да», -дейт Канат Чинботоев.

Айтымында, балдар ишке орношкондо, түрк банкынан эсеп ачылып, карточка берилген. Карточканы активдештирүү үчүн 50 лира турган түрк сим-картасын сатып алыш керек болчу. Балдар 50 лира турган симкага акча короткулары келбей, карточкаларын активдештирген эмес, андыктан, банкка барып, кассасынан алышчу.

«Эгер карточкаларын активдештирип койгондо, өздөрү бул жакка келе бермек да, мен ноябрда Түркияга барганда, карточкаларын ала барып, банкоматтан акчаларын чыгарып келип, офистен таратып берип коймокмун»-деп билдирди компания жетекчиси.

Бирок, балдар бул сөздү уккан эмес. Кетебиз деп 13-октябрда эле жумуштан чыгып алышкан, ал эми келишимдин шарты боюнча, отель балдарды иштеп жаткан маалда гана бекер жатакана менен камсыз кылат. 

«15-октябрдан кийин кеткиле десем, жок, отель билет алып коюптур деп мага билетти көрсөтүштү. Мен анан отель менен сүйлөштүм, «Эмне кылып жатасыңар, 15-октябрдан кийин маяналарын толук берип туруп, анан салып жибергиле. Болбосо, мен алардын маяналарын ала албайм. Анан бул жакка келип алып, маянасын доолап офисимди тешкенинин мага да кереги жок»,- дедим. Мына ушуну балдар да, ата-энелер да түшүнбөйт. Эсепке которуп салгандан кийин өзүнөн башка киши ала албайт. Алар кийинки жылы Түркияга барбай калса, акчасы ошол бойдон кала берет да. Ошондуктан, мен отелге айткам: «13-октябрга билет алсаңар да, мен балдарды жөнөттүрбөйм. Билетиңер күйүп кетет Акчаларын толук алып кетсин»,- дегем. Мына ушул себептен, аларга билет алып берүү иши токтоп калды», -дейт Канат Чинботоев.

Канаттын айтымында, учурда балдар көчөдө, ач-жылаңач калган жок. 17 бала Антальяда «Фиеста сервис» компаниясы сүйлөшүп берген 3 жылдыздуу мейманканада жашап, 3 маал тамак менен камсыз болуп жатышат. Аларга кеткен чыгымды жумушка орноштурган компания өз мойнуна алган.

«Бүгүн отель акчаларын толук эсептеп берет. 17-октябрга билет алынат. Анан учуп келишет», -деп билдирди компания жетекчиси Чинботоев. 

«Биз жумушка орноштуруп, милдетин алгандан кийин бардык жаралган маселени чечүүгө аракет кылабыз. Барган 46 адамдын кээси иштеп атат. Кээ биринин келишими бүтө элек. Аларды ноябрдын 1-2леринде жөнөтөбүз деп сүйлөшкөнбүз. Ал эми тасмадагы кичинекей бала Түркияда такай жашап, иштеген келиндин баласы», -деди ал.  

«Келишим боюнча биздин балдардын маянасы 1603 лира болчу. Доллардын курсу көтөрүлүп кеткенде, мен барып, отель менен сүйлөшүп, маяналарын 1800 лирага көтөртүп бергем. Башка отелдер, мисалы, келишимде кандай жазылса, ошондой боюнча калат деп деле коюшат. Бул отель болсо, биздин шартыбызга көнүп берген. Кээ бир айларда майрам болуп калып, маяналары 2100 лирага деле жетип атты. Буларга виза бир жылга ачылган. Калам дегендер да бар. Келишимде 6 ай иштеп бергенден кийин гана билет алып беребиз деп жазылган. Биздин балдар укпайт экен да, Бул жактан Түркияга качан кетебиз деп шашкан, эми Түркияга барып алып, качан үйго кетебиз деп шаштырат», -деди «Фиеста сервис» компаниясынын жетекчиси Канат Чинботоев.

Булак: "april.kg"

Последние новости