www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Талас облусу боюнча филиалында коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
«Тактап айтканда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин №3 Талас аймактык бөлүмүнүн башчысы К.К.О Талас облусундагы жолдорду оңдоо жана куруу боюнча аткарылган иштерди сын-пикирсиз кабыл алуу үчүн ишкана башчыларынан мыйзамсыз акча алганы аныкталган. Бул асфальтталган жолдордун сапатына терс таасир тийгизген.
11-февралда К.К.О. кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
УКМК жарандарды мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөр тууралуу 0312 660 475 телефон номуру аркылуу маалымдоого чакырат. Анонимдүүлүк кепилденет», -деп айтылат расмий маалыматта.