www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Кытайдын лидери Си Цзиньпинди «киши өлтүргүч» деп атады, бирок ал аны менен коронавирустук пандемия чыкканга чейин жакшы мамиледе болгонун айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
«Мен президент Си менен жакшы мамиледе болчумун. Мен аны жакшы көрөм деп ойлогом жана ал мага жакты», - деди Трамп Fox менен болгон маегинде.
Аны менен сүйлөшкөн журналист Мария Бартиромо экс-президенттин сөзүн: «Ал киши өлтүргүч» деп кыйкырган.
«Ал киши өлтүргүч, бирок мен аны менен жакшы мамиледе болчумун. COVID-19 келгенде, бул башка окуя болду», - деп улантты Трамп.
Экс-президенттин айтымында, Кытай коронавирустук пандемиядан келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн АКШга жана башка өлкөлөргө репарация төлөп бериши керек. Трамп глобалдык экономиканын жоготууларын 60 триллион доллар деп эсептеп, Пекинде андай акча жок экенин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg