www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Газа тилкесинин айланасындагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу жана Израилдин кол салууларын токтотуу үчүн "дипломатиялык чабуулга" киришти. Бул тууралуу өкмөттү колдогон Yeni Şafak гезити билдирди.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен тышкы иштер министри Хакан Фидан "телефон дипломатиясын” тездетери белгиленүүдө. Анкара Палестинаны 1967-жылдагы чек араларга кайтарууну талап кылууда.

Басылманын маалыматына караганда, түрк бийлиги борбору Чыгыш Иерусалим болгон көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү аркылуу Жакынкы Чыгышта бекем тынчтык орнотууну көздөйт. Мындан тышкары, туруктуу ок атышууну токтотуу режимине жеткенден кийин, Түркия "тынчтык столуна" чакырууга аракет кылат.

Өткөн аптада президент Эрдоган Палестинанын ХАМАС кыймылы менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү үчүн Батыш өлкөлөрү Израилге таасир этиши керектигин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости