www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Карталкая тоо лыжа курортундагы "Grand Kartal" мейманканасындагы өрттөн каза болгондордун саны 66га жетти. Дагы 51 адам жабыркады, деп Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая билдиргенин "TRT Haber" телеканалы маалымдады.

Телеканалдын маалыматы боюнча, окуя болгон учурда мейманканада 234 конок жашаган. Саламаттыкты сактоо министри Кемал Мемишоглунун айтымында, жабыркагандардын биринин абалы оор, калгандарынын абалы канааттандырарлык, 17 жарадар ооруканадан чыгарылган. Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой мейманкана өрт коопсуздугу боюнча сертификатка ээ экенин, текшерүүлөр 2021-2024-жылдары жүргүзүлгөнүн белгиледи. Өрттүн себеби тууралуу маалымат берилген эмес.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган тергөө үчүн эксперттик комиссия жана алты прокурор дайындалганын билдирди. Юстиция министри Йылмаз Тунч иш боюнча мейманкананын ээсинен сырткары, дагы 4 адам кармалганын билдирди.

"Grand Kartal" мейманканасынын ресторан бөлүгүндөгү өрт тууралуу 21-январда эртең менен кабарланган. Эвакуацияланган коноктор аймактын башка мейманканаларына жайгаштырылган.

Последние новости