www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2017-жылы президенттик шайлоо астында Канатбек Исаев «бийликти басып алуу» таризинде айыпталып, камакка алынган. Алмазбек Атамбаевдин түз буйругу менен. Бирок, тогуз айдан кийин эркиндикке чыкканы эсибизде.
Негизинен иш «сынган». Соке бийликке келген соң, котур ташын койнуна катып, көрсө, жалган мааниде токулган жалааны жаптырбай коюптурго? Мына ушунун айынан «Көкжал» азыр түрмөдө отурат. Башынан эле саясый буюртма из салган бекен, кайда жашырабыз...
Эң кызыгы, 2017-жылы Канатбек Исаев камалган-да (шайлоого чукул), талапкер катары Өмүрбек Бабановду кол тийбестиги сактап турду, анан бир айдан кийин кармаларда Москвага качып кетип атпайбы! Демек, түйүнүн чечиш керек.
Исаев шайлоодо Бабановго жандооч катары дем берип, сүрөп жаткан. Үгүтчүлөр менен сүйлөшкөн кызматташуусун тартып алышып, тасманы кескилешип, төңкөрүшкө даярдангандай мааниде сүрөттөшкөн эле. Логикага сыйбай калган. Эгерде андай болсо, башкы айыпталуучу Бабанов катары каралбайбы?
Негизги фигура ушул эмеспи?! Таңкаласың. Учурда Исаев экинчи ирет түрмөдө отурса, а Бабанов дагы эле эркиндикте жүрөт. Балээнин баары кайда катылганын түшүнүп жатасыңарбы?
Булак: Азия News гезити