www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Келерки жылы Өзбекстан менен физикалык чек араны аныктоо үчүн демаркация иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эми Кыргызстан Өзбекстан менен укуктук чек арасын аныкташы керек.

«Европа Биримдигинде физикалык чектер жок, юридикалык гана чек аралар бар. Ошондой эле 10-20 жылдан кийин Орто Азия өлкөлөрүнүн ортосунда физикалык чек аралар, согуштар жана жер бөлүштүрүү болбойт деп үмүттөнөбүз. Бирок азыр мыйзам чегинде чек араларыбызды аныкташыбыз керек. 2023-жылдан тарта физикалык чек араларды демаркациялай баштайбыз», — деди Камчыбек Ташиев.

Ал Өзбекстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдө мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи орунда турганын кошумчалады. «Эгерде бардык документтерди кабыл алсак, анда Кемпир-Абад суу сактагычынын аймагын аман-эсен кыдырып, ал жактан балык кармап, сууну пайдаланып, биргелешип башкара алабыз. Биз ушуга карай бара жатабыз. Биз тараптан эң жакшы натыйжаларга жетүү үчүн бардык мүмкүн болгон рычагдар колдонулду», - деди атайын кызматтын башчысы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости