www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул жылдын 1-июлунда Бишкектин чок ортосунда жайгашкан “Айчүрөк” соода үйүнүн (ЦУМ) алдында нигериялык жаран Али Тижжани муштум жеп, ооруканага жеткирилген. Бирок, чет элдик жаран бир нече күндөн кийин жандандыруу бөлүмүнөн эс учуна келбей көз жумган болчу. Ал Бишкек шаарында чет тил үйрөтүүчү мектептердин биринин директору экендиги белгилүү болгон.
Бул кылмышка шектүү катары 22 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну кармалган. Соода үйүндө жайгашкан видео камера эки жарандын ортосундагы чыр чыккандыгын, кыргыз жараны чет элдикти жаакка муштап, андан кийин Али Тижжани жерге кулап түшкөндүгүн тартып калган. Жакында эле бул кылмышка шектүү жаранга карата соттун чечими чыгып, ал 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.
Кошумча белгилүү болгондой, Cambridge School мектебинин директорунун өлүмү боюнча күнөлүү деп табылган жаранга 7 жарым жылдан сырткары 90 миң сомдук айып пул чегерилген.
Булак: NazarNews.kg