www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку Айдайа, Максымбүбү деген «подружкаларым» мыйзам дегенди уруп ойночу эмес. Бирок, Бака  өкмөт башчысы Муха-Цокотухага  нике кыябыз деп атпайбы. Сулуу жигит кеткен соң, жаздыгыма көз жашымды төктүм. Бүгүн эмне майрам экенин билбейм мен үчүн майрам болду. Теке менен Бака экөө мени ресторанга чакырышты. Экөө эки жагымда, мен ортосунда бажырайып отурам. Теке: «Өмүшка сизге «Мисс-Кытыгыстан» деген ардактуу наамды алып беребиз, Сиздей сулуу ааламда жок!»- десе жибип бараттым эле, Бака: «Туалет башчысына чейин парламент дайындайт деп, мыйзамга киргизиш керек» - деп, жибип бараткан денемди суутуп жиберди. Оюмда ойлодум ушул жигит менен кантип коалициялык көпчүлүк никеге турбай койсом деп.

Ресторандан чыгып үйүмө жеткизип келген соң, Золотого телефон чалдым: «Мени зордоп Байчыны менен үйлөнткөн атышат» - дедим да. Золото: «Байчынынын тумшугун талкалай коём» - деп соткасын өчүрүп салды. Көрсө мени көздөй жулунуп келатыптыр, алдынан тосо чыккан «телохранителимдин» мурдун талкалай коюп, менин алдыма чөгөлөй калып: «Жаным, мен сени жуда жакшы көрүп калдым» - деп буркурап ыйлап ийди. «Коюң Золото үка» - деп эптеп соороттум. «Сен Текени сүйбөйсүңбү?» - деди. «Мыйзам дей берет экен, жек көрүп калдым» - десем, колумдан чопулдатып өпкүлөп: «Мен деле мыйзамды жаман көрөм, түшүнбөйм. Бирок Бака деген партия лидери  досум мыйзамды чагат, ошондон сурап көрөйүнчү» - деп телефон чалды. Эртең шашпай ресторанда сүйлөшмөй болдук. Кубанганымдан көзүмөн жаш куюлду.

Күрт жээнинен күртүлдөмө

4 сериал, (Бабусянын күндөлүгүнөн);

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости