www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таланттуу калемгер Жеңишбек Эдигеев бир курдай “Көк дептерине” “шаарда тургай айылда да азыр балалык калбай баратыптыр...” деп жазганы бар. Жеңиш байке тээ алыста жашаса да замандын күрөө тамырын кармагандай, ара-тородо айылына келе калганда баягы көчөдө чаңызгыта ойногон чыт курсактардын карааны сээлдеп калганынан улам жазса керек...
Бир кездеги чикит, чыбык ат, чүкө өңдүү оюндарды азыр ааламдашуу шартындагы тестиерлер кадимки чөнтөк телефондогу оюндарга толугу менен алмаштырышканын көпчүлүк жокко чыгарбаса керек. Жашы али 1 ге толо элек наристеден баштап, мектеп жашындагы жетилген улан-кыздарыбызга, алтургай чоңдорубузга дейре интернеттин ичегисин чубап, андагы майда-барат нерселерден баштап кереги жок ыпыр-сыпырларга дейре мээбизди “таштандыга” толтуруп жатканыбызды билсек да андай “ылаңдардан” арылууга эркибиз жетпей жатканын моюндасак не?
Медина ШАРШЕКЕЕВА деген эжекем жакында биздин айыл, өзгөчө биз чоңойгон көчөлөрдү калеми менен кемелине келиштире сүрөттөптүр:
Биздин көчө балдар менен бай болчу,
Биздин күндөр ар убакта жай болчу.
Таза тамак, бышык кийим, таза аба,
Таттуу токоч жана сары май болчу.
Биздин көчө аталуучу Кемпирек,
Азыр турат мага кыйла ээнсиреп.
Бай болсун дейм ошол көчө балдарга,
Топурагын ойноп чуркап тепкилеп.
Медина эжем ырга салган “Кемпирек” жана айылдаштарым “Селсаяк көчө” деп аташчу (азыркы Медеркул уулу Айтыгул атындагы көчө) көчөлөрдүн бир бурчунда балалыгымдын кичинекей мезгили өтүптүр. Былтыр так ушул январдын ызгардуу суугунда алыскы Египеттин ысык жайларынын биринде жубайым экөөбүзгө “бал айын” өткөрүү шыбагасы буйруду. 12 күндүк эс алуу жакшы ирмемдерге, эсте калган элестерге жык толду. Бир күнү адаттагыдай Египеттин тээ түпкүрүндөгү укмуштарга бай жер кыдырган саякатынан өзүм сындуу кара тору кыргызды жүздөгөн “тили буруулардын” арасынан кезиктирип калдым. Мекенден бир метр ары узагандан кийин бириңе-бириң бир тууган болот эмессиңби. Калыс байке экөөбүз таанышкан соң кара тору жүздөрүбүзгө дароо кубанычтан “кызыл чуркап”, каяктык экенибизди суроого өттүк:
--Калыгул, Кочкордун каягынан болосуң?
--Дөң-Алыш айылынан.
--А сен ошол айылдагы “Кемпирек көчөнү” билесиңби?
--Жакшы билем. Мен ошол Кемпиректин тукумунанмын. Туугандарыбыздын баарысы ошол көчөдө турушат.
--Анда билсең ошол көчөдө 30 жыл мурун чоңоюп, өскөм. Дөң-Алыш айылы, андагы “Кемпирек көчөнүн” чаң топурагынын жыты менен суусунун бир башкача даамы азыр да мага келип турат...
Калыс байке экөөбүздүн андан аркы кебибиз айылыбыздын тоо, ташынан башталып, чөбүнө чейин уланып, мал-жанды, эски кишилерди эскерип, аягында “Кемпирек көчө” менен жыйынтыкталды. Көрсө, дал ушул Дөң-Алыш айылы менен “Кемпирек көчө” Кыргызстандын деңгээлиндеги Калыс байкедей ири ишкерди талпынтып, уясынан учуруптур. Материалдык жагынан анча-мынчаны астына сала бербеген Калыс байке ар жылы январда дүйнөнүн ысык өлкөлөрүнө үй-бүлөөсү менен эс алууга жөнөп кетээрин, төгөрөктү төрт кыдырып эс алганы менен кайда барса да көкүрөгүнөн “Кемпирек көчө” эч кетпесин, алтургай жүрөк түпкүрүндө кичи мекенине, эзелки чуркап ойноп, өскөн көчөсүнө болгон кусалыктын, сагынычтын эпкини жүзүнөн билинип турду. Калыс байкенин кусага толгон кебинен соң күнөстүү Египеттеги “Шарм-Эль-Шейхтин” ысык кумдуу жээгинен бир кездеги “Кемпирек көчөдө” калган ирмемдерди алыста болсом да сыдыргыдан өткөргөнүм бар. Көөдөндөгү андай ойлордун чет-бучкагын азын-оолак кагазга түшүргөнүм менен эл алдына жарыялоонун убакыт-сааты эми чыкканынан (жалкоолугумдун айынан эми жазганымды моюнга алам) алдыңарга тартуу этип койдум.
Биздин туугандардын көпчүлүгү ушул көчөдө жашашат. Мен тестиер кезде аталган көчөдө ак сакалын жайкалткан Аман, Өмүркул, Жусупбек, Шүкүрбек, Аскарбек, Адылбек аталар, өйдөрөөк башта Дөөлөтказы аксакал, Кукен агай, Эсенбек аксакалдар жашап өтүштү (мурда-кийинкилерди эмес, мен көргөн-билгендеримди тизмектедим). Эртели-кеч булардын көчө бойлой басканы кадимкидей көөнө тарыхтагыдай көрк берчү. Көчөнүн ылдый тарабында Солто атабыз, Дүйшөн аксакалдар жашап, эки аксакал бүгүн да жаштардын насаатчысына айланышканынан кабарым бар. Чынында “Кемпирек көчө” түркүн адамдарга, ар түрлүү окуяларга бай болчу. Биз тестиер кезде Арстан байкемдин үйүнүн жанында мен кырдуу балдардын көбү жолугуп, күндүр-түндүр оюндун катыгы берилчү. А азыр ошол тегеректеги уй, коюн кесүүгө айдап чыгышкан “Кемпирек” туугандарым эртең мененкисин гана 5 мүнөттүк жолугуу уюштурушпаса, азыркы чыт курсактардын бириси да бир кездеги биз сыяктуу оюнга чыгышпаганы таңгалдырды.
Ирмемдер элестей берет экен. Арстан байкенин мончосунун алды ыктоо келгендиктен кеч курун малын тоскондордун баарысы ал жерге корголой турушкан. Ошол чөлкөмдөгү алыс-жакынкы дүкөндөн чыккан айылдаштарымдын айрымдары андай шамалдан ыктоо жерди жаза кетиришпей, беркинден “сеп этип” алыш үчүн корголой калышчу. Андайдын акыры кандай бүтөрүү айылдыктар үчүн табышмак эмес да. Ал кездеги кинолордон атактуу Жан-Клод Ван Дамм, Брюс Ли, Джеки Чан баштаган мушкерлердин былчылдашканын айрым “чоң муштум” айылдаштарым Арстан байкемдин үйүнүн жанындагы “үч кошкондон” беркинден “сеп эткен” соң тирүү образда ары-бери өткөндөргө көрсөтө турушкан.
Барган сайын андагы ыйыктыктар, эсте калган элестер эске түшөт десеңер. Кыш күрөөдө бизди таң эрте тоок уядагы короздон башка Амангелди атанын мойнунда коңгуроосу тагылган үйүр жылкысы үйдүн жанынан дүбүрттөгөн тейде өтүп кетип ойготоор эле. Андайда ыраматылык апам “тур, Амангелдинин жылкысы кетти, мал чыгар” деп калчу. А бүгүн ар жылы кышкысын айылга каттаганым менен андагыдай мойнуна коңгуроо катылган үйүр жылкыны кездештире элекмин. Азыр Темирбек иним деле атасы сындуу жылкыларынын мойнуна коңгуроону каткандан эринсе керек.
Мындайда эскерүүлөрдүн улам бири чууруйт тура. Ал кезде Медер байкенин үйүнүн жанындагы суу түтүкчөсүнөн ошол тегеректегилерибиз мал-жаныбыздын баарысына суу алчубуз. Сууну ысырап кыла агызып, төгүп-чачып, айланасына чана тебүү үчүн муз тоңдурган мен сыяктуу айрымдарыбыз ошол жерде Сүйүнбүбү эжекебизден катуу тил угаар элек.
Биздин көчөдөгү ыраматылык Ажыгул атанын үйүнүн бет маңдайына үйүлгөн 3 кызыл кумга эки көчөнүн балдары түнкү бир окумга чейин чоң оюн курушчу. Андай оюндарда “Кемпирек көчөнүн” балдарын Сука (Сугатчы) байке жетектеп келчү.
“Кемпирек көчөнүн” ортосунда ыраматылык Маасиев Асыранбек атанын үйүндө Сулай апанын ондогон, жүздөгөн бакма коендору болсо, ылдый жагында Абдиев Бакы байкемдин көркөмү келишкен мыкты тайгандары бар эле. Кыштын кыраан чилдесинде мектепке баратканыбызда Бакы байкем ошол тайгандары менен Кудайдын куттуу күнү коен, түлкү алып, артынып келатканын көп эле кезиктирдик.
Табиятынан каада-салтты тутунуп, анча-мынчадан жаза кетирбеген ыраматылык, бейиши болгур Жеңишкан апам “Кемпирек көчөнү” эл атаган атынан айтчу эмес. Кемпирек биздин тукумдагы жетинчи атабыз болгондуктан эл атаган көчө кайын аталарынын ысымын алгандыктан атынан айтпай, тергеп турчу. “Кемпирек көчө” жөнүндө бир нерсе чүргөп жазып атсам да алтын апамдын улам бир улуулугу эске түшөт десеңер.
Жалпы туугандар менен “Кемпирек көчөдөгү” жакшылык-жамандыкта мал союу, “эт жасоо” жөрөлгөсү башта Медер байкенин маңдайына жазылгандай сезилчү. Андайда Медер байкенин шамшар, курч бычагы анан да жанында балтасы боло турган. Кийинчерээк бул милдетти көбүн эсе Мыктыбек, Калый, Тилек байкелерим аркалап жүрүшөт. Жоопкерчиликтүү мындай милдетти кимиси аркаласа дагы чара-чара эт ташыган жаштарга казы-карта, чучугунан “оозду ачып, жумуруңарды майлай тургула” – дешип кызматтагы балдарга ооз тийгизишип калаар эле.
“Кемпирек көчөнүн” баш жагындагы Ташполот, Каныбек аталар убагында айылыбыздын почталондук кызматында иштешчү. Айылга келген гезит-журналдар дем алыш күнү базардан окурмандарга таратылса, бала күнүмдөн райондук “Эмгек Туусу” гезитинен баштап, “Асаба”, “Агым”, “Аалам” гезиттерин кууп окуган жаным алардын таратышын күтпөй, ишемби күнү почточу аталарымдын үйүнөн элден мурун илип кетчүмүн. Ашыкча “тыңдыгыма” кээде ачуусу келген Каныбек атам “эл сыяктуу эртең албайт белең мурдуңду урайын” – деп тамаша тооруй урушуп калчу.
Дүйнөнүн тээ бир бурчунда жатып алып элдир-селдир эсиме келгендерин ушунакай кылып чүргөп, алдыңарга тартуу этип койдум. Биз ким болбойлу, Египетте эс алабызбы, алдыбыз АКШга барып ачылыш жасайбызбы, Россияда жүрүп бутка турсак да киндик кан тамган кичи мекендин батасына арзыш башка кеп экен. Тээ алыстарда жүрүп мен ушуну ойлодум.
“Эр жигит туулган жерге из калтырыш керек” – деген саптарды кайсы бир булактан окуганым бар. Мектепти аяктап, айылымдан кеткениме билинбей 14 жылга аяк басыптыр. Борбордо жүрсөм да “айылыма бир нерсе кылсам” - деген учу-кыйырсыз максаттар мээ чөйчөгүмдө жашачу болду. Убагында гезиттерде иштеп жүрүп, айылым жөнүндө көп жазбаганымды азыр эстеп, бир эсе өзүмө жиним келип калат...
Ушундай азганактай ойлорумдун башын Жеңишбек Эдигеевдин сөзү менен баштасам, сөзүмдүн соңун да Жеңиш байкенин “Көк дептерине” жазган калемине таандык таасын саптар менен жыйынтыктайын. Интернеттен окуп калса Жеңиш байке кап этпестир.
“Айылым. Ааламга кетчү жол сенден башталат. Качандыр ааламдан чарчап кайра келген жол сенден бүтөт. Сен ошол үчүн ыйыксың!”
Калыгул Бейшекеев.