www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайда коронавируска чалдыккандардын саны 8 миңге жакындады. Ал эми бул дарттан каза болгондордун саны 170 адамды түздү. Бирок, арасында айыккандар дагы бар. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча коркунучтуу вирустан 133 адам сакайып кеткен.
Кытайда тутанган вируска каршы дүйнөнүн ар тарабындагы өлкөлөр чама-чаркына жараша колдон келген аракеттерин көрүп жатышат. Ошол эле учурда ар бир жаран өзүнүн коопсуздугуна өзү дагы кам көрүүсү зарыл. Ал үчүн жарандарга төмөндөгү азыктарды күнүмдүк рационуна колдонуу сунушталат. Алар вирусту жуктуруп алууну алдына ала алат.
Лимон – Лимонду эт туурагычтан өткөрүп же болбосо майда туурап, кант кошулган чайга кошуп ичүү сунушталат.
Чычырканак - Чычырканак витаминдери бай азыктардын катарында лидерликте турат. Витаминдер жада калса кургатылган чычырканакта дагы өлбөйт жана иммунитеттүү көтөрүүчү мыкты азык болуп эсептелет.
Карагат - Карагат С витаминине эң бай жер-жемиштерден. Тоңдурулган болобу же кайнатма түрүндө болобу айырмасы жок.
Ит мурун – Ит мурунга бир дагы жер-жемиш витаминдүүлүгү боюнча ат салыша албайт. Аны кургак түрүндө кайнак сууга коюп, эртең менен чай ордуна ичүү сунушталат.
Туздалган капуста –Бул жашылча дагы адамдын организмине керектүү витаминдерди алып жүрөт. Андан ысрткары имунитетти көтөрүүчү мыкты каражат.
Пияз жана сарымсак – Пияз жана сарымсактын өзгөчөлүктөрүн айтуу ашыкчылык кылат. Бул азыктар табигый антибиотикалык касиетке ээ экендиги бардыгына маалым.
Быштак - Үй быштагы дагы адамдын рационунда сөзсүз түрдө колдонулушу керек. Быштакты адам баласы күнүө 150 гр өлчөмүндө жеп турса оору, сыркоолорду алдын алса болот.
Жумуртка – Эртең менен бир жумуртканы жеп турса адам бир күнгө керектелүүчү витаминдерди топтой алат. Анда биотин, кальций, цинк, селен ж.б пайдалуу витаминдер көп.
Мына ушундай пайдалуу жемиш, жашылчалардан адам күнүмдүк рационуна колдонуп турса, коронавирус сыяктуу оорулар адамдан оолак болоорун адистер белгилешүүдө.
Булак: NazarNews.kg