www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Бактыбек Райымкулов иштеп чыккан мыйзам долбоору кабыл алынса, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга алымча-кошумчалар кирет. Сунуш кылынган долбоорго ылайык, өкмөттүк эмес уюмдар жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттендирилет. Эгер бул талапты аткарбаса, мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек болот. Бирок, эксперттер бул мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандын аброюна шек келтирерин жана соңку кезде жигердүү түрдө коррупцияга каршы чыгып жаткан жарандык коомдун үнүн басууга шарт түзөрүн белгилеп жатышат. Азыркыга чейин бул мыйзам долбоорунун тегерегинде пикир келишпестик басыла элек, бир пикирге келише элек. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Бактыбек Райымкулов буларды айтты.

- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 32 миңден ашык бейөкмөт уюмдар бар. Анын ичинде азыр биз алып чыгып жаткан мыйзамга тийешелүүсү 79%. Бейөкмөт уюмдар кылып жаткан иштер боюнча, келип жаткан каражаттар боюнча эч кандай так маалыматтар жок. «Алар каражаттарды кандай пайдаланып, кандай иш алып барып жатканын элге ачык маалымат берүүсү керек» деп мыйзамга өзгөртүү киргизип жатабыз. Бейөкмөтчүлөр «салыкка, статистикага отчет беребиз» дешет. Дешкен менен салыкка алган айлыктары боюнча отчет беришет экен. А статистикага берген маалыматы купуя сыр экен, аны эч ким ала албайт. Биз эми коомчулуктан суроолор келип, талаптар болгон үчүн ушул мыйзамды алып чыгып жатабыз. Бул жерде бейөкмөт, коммерциялык эмес уюмдардын ишин чектөө, же аларды текшерүү деген маселелер жок. Бир гана жасап аткан иштери боюнча элге ачык-айкын көрсөтүшү керек. Эгер баарын ачык көргөзүшсө, келген акча элге пайдасын тийгизип жаткан болсо, анда элдин ишеними да чоң болот эле, өкмөт менен да өнөктөш болуп иштегенге шарт түзмөк.

- Ал эми ызы-чуу кайсы тараптардын ортосунда чыгып жатат?

- 24-январда Жогорку Кеңеште бул боюнча ачык талкуу болгон. Ал жерге баары чакырылган. Жакшы ой-пикирлер айтылды. Бирок, эки тарап болуп, каршы болгондор, колдогондор ортосунда пикир келишпестиктер орун алды. Каршы болгон тараптар ушул мыйзамга бир да сунуш берген жок. Анын ордуна мыйзамды чакыртып алууну талап кылышууда, Көпчүлүгү «бул мыйзамды киргизиш керек, булар чет өлкөлөрдүн агенти, ушундай макам да киргизиш керек» деп чыгышты. Кечээ да ушул темада коомдук жарандар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен чогуу талкуу кылышыптыр. Экинчи тарапты киргизбей, ортодо чуу чыкканын мен интернеттен көрдүм.

- Эгер чакыртып алуу керектиги тууралуу сунуштар басымдуулук кылса, артка кайтарылабы?

- Биринчи окууга киргизгенден кийин парламенттик угуу болот. Ошого баары чакырылат. Ушул жерге келип, ойлорун айтышсын. Чогуу талкуулашсын. Антейин десек, өткөндө 5-каналга Төлөйкан Исмаилова эже менен эфирге чогуу чыктык. Журналисттердин «келген акчаны кайда кетирип атасыздар?» деп Исмаилова эжеге берген суроосуна жооп бере алган жок. Жадагалса ишинин багытын айтып бере албады. Өкмөттүк эмес уюмдар келген каражаттарды кайда кетирип, кандай иштерди жасап жатышканы белгисиз. Анан ошолор кайра-кайра бизге асылышат. «Депутаттардын билими жок, башы иштебейт» деп сындап калышат. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн алдыга жылышыбыз керек го...

Динар ТУРДУГУЛОВА

Булак: “АЗИЯnews”

 

Последние новости