www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирус Кыргызстанга жетти деп уу-дуу түшүргөн жигит, анын катасын кайталабоо өтүнүчү менен элдерге кайрылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кытайда пайда болгон жаңы вирус Кыргызстанга келди деп жалган маалыматты, социалдык тармак аркылуу таркаткан 27 жаштагы кыргыз жараны кармалган.
Ал 11 жылдан бери Россиянын Москва облусунда иштеп жүргөндүгүн жана ага бул билдирүү келгенде, ал аны таратып жибергендигин билдирген.
"Бул билдирүүнү мен топтордун бирине тараткам. Ушундан улам ИИМдин кызматкерлери мени менен сүйлөшүү жүргүздү. Көрсө ал сүрөт Казакстандагы окутуу учурунда тартылган сүрөт экен. Менин катамды кайталап, жалган маалыматтарды таратпооңорду өтүнөм",- деп билдирген.
Булак: NazarNews.kg