www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түкүрүк үчүн милицияга түшкөн жаран

Анда эки милиция кызматкери "түкүргөнү" айтылган кишини ары-бери сүйрөп жатканы тартылган. Жанындагы аялы айыптуу тоодо жүрүп жаңы эрежелер тууралуу билбей калганын айтып, кечирим сурап жатканын көрүүгө болот. Видео Кыргызстандын кайсы аймагында тартылганы белгисиз. Милиция азырынча маалымат бере элек.

1-январдан тартып ишке кирген Бузуу жөнүндөгү кодексте автоунааларды туура эмес токтоткондорго, тамекини тыюу салынган жерде тарткандарга, коомдук жайларда түкүргөндөргө, милицияга, өрт өчүрүү кызматына же Тез жардамга жалган маалымат бергендерге, лифттерге зыян келтиргендерге, коомдук жайларда элдин тынчтыгын бузгандарга, таштандыны өрттөп же туш келди ыргыткандарга, көчөдөгү люктардын капкагын ачкандарга айыппулдарды белгиленген.

Жаңы жобого ылайык, көчөдө, коомдук жайларда түкүргөн жаран 5,5 миң сом административдик жазага тартылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости