www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркектер жөнүндө оюн билдирген алып баруучу Назира Айтбекова көп эркектердин намысына тийип койду окшойт. Талкууга алган эркектерге өзүнүн далил менен келтирилген  чындыгын жазды.

"Кээде эркектер жөнүндө статус жазсам, эркекте эмне өчүң бар? - дейсиңер го. Бул суроонун үстүнөн ойлондум. Кичинекей кезимен көзү көпкөк болуп эртеси,- Эшикке жүзүмдү уруп алдым,- деп эркектин айыбын жашырган көп аялды көрдүм. Кошуналарым Кадырбек байке, Карганбек байке, Жийде эженин жолдошу, Элзат менен Айзаттын атасы баары ичип алып, аялдарын ийлечү.

Түн ичинде таттуу уйкуда жатсаң, чарылдап, ыйлап, баласын жетелеп, тапичкесин кийгенге үлгүрбөй үйгө качып киришчү. Айылга барсаң, айрым кеңкелестердин балдары атам мас деп бүжүрөп, үйүп койгон чөптүн арасында апасына боору ооруп, атасын жек көрүп, ыйлап отурушчу. Айылда аялын сабоо "мода" болчу! Баланча аялын сабап атат деп шадыраңдап калышчу ары жоктор!

Балдары чарылдап, кошуналардан жардам сурап жөнөшчү! Мен аялдардын жыргаганын көрүп өскөн жокмун! Эринин тамагын жасап, байпагын жууп, баласын төрөп, таягын жеп, жашаган гана бүлөлөрдү көрдүм.

Кичинекейимен күйөөгө тийбейм дечүмүн! Кордук көрүш үчүн тийген - макоолук дечүмүн. Апам 100 кишинин арасынан 4-5нү араң санап берип, жакшылары бар. Жакшы тилек кыл дээр эле. Ишендим апамдын сөзүнө. Тийдим. Жолум болгон жок. Ажыраштым чыныгы эркектин андан дагы жийиркеничтүү жүздөрүн көрдүм анан.

Жалгыз бой аял десе, жанталашып жатып берчүдөй, порно жиберип, көтүнүн сүрөтүн тартып жиберген эркектерди көрүп, жийиркендим! Жек көрдүм! Бүтүндөй эркек аттууну жек көрдүм! Бирок башымда дагы бир эркек бар дедим.

Ал менин уулум! Анын ошондой жийиркеничтүү кылбай татыктуу тарбиялаш менин колумда экенин билгеним үчүн унчукпай турам! Мен ага ушунча мээрим төгүп чоңойтом! Болгон сүйүүмдү берем! Аялга кол көтөрөөрүндө, аялды сөгөөрдө менин ага болгон сүйүүмдү, мээримимди эстеп, дити барбасын! Мен аны кандай кастарласам, ал да ошондой жоопту дүйнөдөгү аялдарга берсин! Аялдар, эркекти атасындай тарбиялабагыла! Сүйүү менен сугаргыла! Ошончо сугаргыла ичинде кыпындай да жек көрүүгө, зомбулукка орун калбасын! 

Дүйнөнүн эркек аттуусунун баарын жек көрбөйм албетте. Досторумдун баары мырзалар. Тууган-туушкан бар, мен сыйлаган мыкты агаларым бар. Силер жөнүндө өзүнчө пост жазам. Мен эркелеген, жакшы көргөн аялды барктай билген ага - инилериме чаң жугузбайм"-деген пикирин билдирди Айтбекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости