www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уккан адамдын оозун ачырган окуялар, акыркы кездерде бама-бай кайталанып келе жатат.
Ооба, биз билгенден сулуулук бир гана аял затына жарашып, кыз-келиндер гана сулуулар конкурсуна катышып, сулуулукту бир гана аялдардан көрүп келгенибизди эч ким тана албайт.
Бирок жакында Арабияда 25 миң төө катышкан сулуулук конкурсу болуп өттү. Ал жерде төөлөрүн шөкөттөп, конкурска катыштыргандардын саны бир укмуш. Анткени абдан сулуу төөгө чоң акча байге коюлганы, төөлөрдү шөкөттөгөнгө туура келиптир. Мына акчанын күчү. Акчасы көп арабдар дагы эмнени ойлоп таап жиберишет болду экен? Айткандай сулуу төөнү тандап алышып, алар эмне кылышат болду экен?-деген суроо, кимди гана ойго салбайт.
Шумдугуң кургур, эң өңү суук жаныбар төө, андан дагы ал укмуш түкүрөт десең, анан анда кайдагы сулуу турпат. Андан көрө биздин жерге келип жылкы баласынан же биз жакшы көрүп баалап этин жеген койлордон сулуулукту издешсе болмок экен?
Бердикожо мырза
Булак: NazarNews.kg