www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эх, жашоо агымы эмне деген гана сөздү ооздон алып чыкпайт.
Жакындан бери адамдар өздөрүнө сак болуп, эки жакты элеңдеп эле карап калышты. Анткени ким ашыкча кыймыл жасап койсо эле интернетке чыгарып жиберген жаман адат пайда болду.
Айткандай, жакында депутат Зарылбек мырзанын түкүргөнүн дагы интернетке чыгарып жиберип, карапайым калк аны аңдып турган кездери “айып пулду төлөйт болду бекен?” деп.
Анткени бизде чоңдор эч качан айып пул төлөбөйт эмеспи. Машина айдап бара жатып жол эрежесин бузмак турсун, мас абалында машинаны айдап жүрсө дагы эч ким эч нерсе дей албайт. Ал эми түкүрүп койгон бул алар үчүн мыйзам бузгандыкка жатпаган көрүнүш экени баарына маалым.
Эгер бул айткандар чындыкка коошпосо, Зарылбек мырза айып пулду төлөйт. Эгер төлөбөсө анда мыйзамды уруп ойнобогондун бир белгиси деп билсек болот.
Бердикожо мырза
Булак: NazarNews.kg