www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
(Профессор, акын Сатканбай Момуналиевден алган таасирлер)
Сатканбай агайды студент кезден “Момуналиевдин лекциясы”, “Момуналиевдин китеби”, “Момуналиев, Момуналиев” дей берип, кээде атын таппай калып, “Момуналиев агай саламатсызбы?” деген учурларыбыз көп болду.
***
2008-жылы “Орто мектептердеги лириканы окутуу” (5-7-класстар) деген темада курстук ишимди Сатканбай агайдын жетекчилиги менен жазган элем. Ал кезде агай кандай болсо азыр да ошол бойдон... эч өзгөрбөдү... ошондо чачы ак, кыркма сакалы бар эле, андан бери көп жыл болду, “формасын” жоготподу асыл киши! Шашмалыгы, лекцияда ыр окуганы, талдап түшүндүргөнү, калпагы, чукул ачуусу, оптимистиги, жаңылыкка умтулганы, сулуулуктан кыя өтө албаганы... мунун эч бири өзгөрбөдү. 70 жашка таяп калды. Көз тийбесин, агайым тың. Сулуулук демекчи, агайдын ырларынын каарманы же каармандары кимдер экенин билбейм, бирок, сулуулукту баалаганы, түшүнгөнү чыгармаларынан даана байкалат.
***
Машинасын жайчылыкта бирөөгө бербеген киши майрам күндөрү да өзү айдап кетет, МАИ кызматкерлери да агай деп тоспойт... *** Агай теңдүүлөр компьютерди түшүнбөй, лекциямды, макаламды басып бер деп ар кимден суранып жүрөт, же секратары жазат. Сатканбай агай эң биринчилерден болуп өздөштүрдү бул “жаңылыкты”. Азыр дагы фейсбукта ойлорун жазып, коомчулукка көз карашын айтып турат.
***
Сатканбай агайдын “Акак” деген ырлар жыйнагы жарык көргөндө талашка түшүп, о илгери эле түгөнүптүр. Биздин студент курагыбызда “Түбөлүк дүйнөсү” окурмандарга тартууланды. Айылга алып барсам атам “Тон” деген ырын окуп, аябай таасирленгенин айткан. Жакында “Жан маанай” деген оригиналдуу аталыштагы жыйнагы колго тийген. Башка акындар сыяктуу эле, агай дагы турмуштук темаларда көп жазган, арноо ырлары, сүйүү ырлары тим эле эмоцияга бай. Ар бир сабынан агайдын үнүн угууга болот, музыкалуу, курч салыштыруулар, элпек уйкаштар, окумдуу, жугумдуу, образдуу жазгандыктан жыйнакты ачкан киши аягына чыгат. Баштан-аяк толук окуйт... Эргип окуйт... Эс алып окуйт...
***
2012-жылдын 11-июнунда “Сиз жөнүндө…” туулган. Ошол жылдары мен сүйүүгө кезиксем керек... Жемиштүү иштедим. Жакшы ырлар жазылды. Үргүлжү сүйүү обондорумду жаратканга мүмкүнчүлүк болду. Жумушта отуруп Артурга айттым, “Жакшы текст болсо обон жазат элем, аябай жүрөгүм кысылып, бук болуп жатам” десем, “Аке, менде бир ыр бар. Кыздарга кат жазганда жөнөтчүбүз. Ошону бир көрүңүз, болсо керек” – деди. Ошол күнү текстти берди, кечинде обон жаздым. Аябай жеңил жазылды. Ийгиликтүү жаралды. Артурдан авторун сурасам, билбейм дейт. Ошентип, ырдын авторун издеп калдык. Дүйшөмбү күнү административдик кеңеш болуп, декан жыйындан чыгып баратканда (ал жылдары кыргыз филология факультетинин деканы Сатканбай Момуналиев болчу) Артур: - Агай, «Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен” деген ыр сиздики эмес беле? - Ооба, меники, эмне болду эле. - Түмөнбай аке обон жазды, авторун таппай жүрөбүз - деп, мага телефон чалып чакырды. Жолугуп сүйлөштүк. Рахматымды айттым. Ыр үч куплет экен, дагы бир куплет кошуп берсеңиз жакшы болмок десем, болуптур, жазам деди. Убадалашып, кечирээк филфакка бармай болдук. Түштөн кийин көк «Матизде» Артур, Нурбек, Улук болуп филфакка бардык. Тим эле жүрөгүм алып учат. Декан кабинетинде экен. Кирип, катар отурдук. Ырдап бердим, агай негедир толкундана баштады. Кээ бир кайрыктарга кошулуп ырдагансыды, бирок үнү окшошподу. Толкундануусунан үнү каргылданып кетти окшойт. Бир кыйкырып алды. «Менин жаштыгымды кайрып бердиңер. Мен бул ырды жаш кезимде жазгам. Практикант эжеге арнагам, анда биз боз балдар элек» дегени эсимде. Бирок, кийин негедир бул ыр жөнүндө журналисттер сураганда дайым агай ар башка айтып жүрөт. Жеңеңерге арнагам дегенин да угуп калдым бир жолу. Ишенгим келди. Бирок, билбейм... Агай жаңы обонго кубанды, батасын берди. Негедир көзүнө жаш кылгыргандай болду. Башыма калпак кийгизип, анан бизге лирика боюнча, чыгармачылык жөнүндө “лекция” окуду. Мадырабаш окуучулары жаңы ырдын деми менен агайдын айткандарын кунт коюп уктук. Баарыбызга китебинен белек кылды. Кудуңдап, кайра-кайра ырдадык. Анан келе бердик. Агай кабинетинде жалгыз калган...
***
Обон жазылгандан кийин көп жерде ырдап жүрдүм. Жакшы ырларыңдан бирөө жарымын берсең ырдайт элем дегенинен Эрнест Бөрүбаевге “Сиз жөнүндөнү” ырдаңыз деп бергем. Эрнест аке, жакшы ырдады. Кыргызстанга дүңк дедиби, жокпу, айтор элге жакшы эле тарады. Ал ырдын артынан канча башымды бийик көтөрүп жүрдүм. Бир күнү агай телефон чалды. “Э, Түмөнбай, бир ыр жаздым, “Сиз жөнүндө ырлар жазам эми мен” деп атадым. Ушуну да бир карап көр” - деди. “Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен” деген ыры популярдуу болгондон кийин илхому келип, жазган окшойт. Окуп жыргадым. Жакшы жазылыптыр. Ошол дем менен агайдын ырына обон чыгарайын деп катуу аракет кылдым, жаңы жазылган көп тексттерди берди, негедир чыгаралбадым. Балким, эми чыгаар... Менин обонумдан кийин КРдин эмгек сиңирген артисти Эгенберди Талипов, Роза Шүкүралиева, ж.б. бир топ таланттуу обончулар агайдын тексттерине кайрылышты.
***
Агай жаш кезинде волейболду жакшы ойнойт эле дегенди көп уктум. 5-курста филфактын жигиттери агайлардан утулуп калган жайыбыз да бар. О, Сатканбай агайдын эпчилдигине баа бергенбиз! Илбирстей ыкчам киши! Факультеттер аралык волейбол болгондо кыргыз филологиясы менен табият таануу факультети кырчылдашып, ар дайым Момуналиев чыр кылып, жаңжалдашып, жакалашып тынат эле дешет көргөндөр. Көрсө, агай дайым өзүнүн чындыгы үчүн күрөшүп келген инсан экен. Азыр да оңой менен бирөөнүн пикирине макул боло койбойт. Принципиалдуу адам гана өзүнүн акыйкатын таанып, ал үчүн күрөшөрүн мезгил тастыктап келатат.
***
Мындан көп жыл илгери Сатканбай агай катуу ооруп калып, не бар не жок деп 50 жылдыгын өткөрүүнү пландап, мааракесин өзү алып барган экен. Өзүнүн мааракесин өзү алып барган өөн учураса керек, азырга чейин баары айтып жүрүшөт.
***
Агайым эч качан динди танбайт, тескерисинче колдойт, салт-санааны, үрп-адатты динге аралаштырбай жашайт. Анча-мынча жини келгенде “мен чоң молдонун баласымын, мени жаш кезимде айылдагылар “молдонун баласы” деп айтар эле. Куранды жатка окуганды атам үйрөткөн. Өзүм намаз окубасам да уулдарымды Ислам дининен алыс кылбадым, керек болсо ажы болушту. Убагы келсе окуйбуз, Кудайдын улуулугун билебиз, мага динди таңуулабагыла, окутпагыла!” – деп коет.
***
Жакында агай экөөбүз Жалал-Абадга жөнөп калдык. Агай рулда болчу. Жолдо кызуу сүйлөшүп баратып эле, “Ушул Токо досумун айылы, ары-бери өткөндө досума куран окуйм” деди. Рулда баратып үнүн чыгарып куран окуду. Ана-Кызылдан өтүп баратып бата кылдык. Айылдын этегиндеги жерди көрсөтүп, “Токо, ушул жерди биринчи өздөштүрүп, заправка курду эле. кийин шаардан участка алам деп сатты. Мына ушул жер. Бак-дарак тигип, аяшым экөө көп келчү. Туулган жерине коюлбай калды. Бир тууган иниси бар эле Темиралы, катуу ырдайт эле. Ал да жаш кетти” – деди ой басып. Ушунчалык катуу таасирлендим. Досунун айылынан өткөн сайын куран окуп, сообун багыштап жүргөнү адамдык парзы эмеспи! Ичимден рахмат дедим, биз да достукка ушундай бекем бекенбиз же жокпу ойлоно түштүм.
***
Экөөбүз чыгармачылык жөнүндө көп сүйлөшөбүз. Дайым изденет, жаңылыкты кубалап жашайт. Замандан озуп кетет. Дем алыш күндөрү да филфакка бир келип, кабинетинде отуруп, компьютеринде бирдемелерди жазат. Көп китеп окуйт. Ушул адаты жакшы. Китептен китеп, адамдан адам жаралат деп коет.
***
Бул жазгандарымды азыр фейсбукка жарыялайм, агай окуйт. Ыраазы болот же ... Кандай болсо да, Сатканбай Момуналиевдин окутканы ырас, Алыкулдун “Жибек кийген кызын” талдап түшүндүргөнү чындык. Агайдан жашоодо оптимист болуп, дайым темпти жоготпой, жаңылыкка умтулуп жашаганды үйрөнүп келе жатабыз. Ушунчалык өжөр, аракетчил кишилер жашоодо өз чындыгын бирөөгө бербейт, бактылуу жашайт, билинбеген менен башкаларга үлгү болот. Жашоосу менен үйрөтөт. Агай, кайратыңыздан жанбай, жакшы чыгармаларды жазып, аспиранттарды өстүрүп, узак жашаңыз.
Түмөнбай Колдошов, ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, филология илимдеринин кандидаты, доцент, обончу. 2-декабрь, 2019-жыл.