www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бирдеме жазайын десең эле тиякта иштейсиң деп сөгүп башташат. Бирок, жазгым келип жатса, айтаарга сөзүм болсо өлүп кетецинби эми!
Мындай!
Өзү шаарда бөлкө нан жеп чоңойгон кишиге айылдагы ичеги арткан эже карындаштар кордук көрүп жаткандай сезилет окшойт. Мисалы мен кичинекей бала кезимден эле чөп кыркып, кой кайтарып, малдын богун чыгарып, куурай жулуп, жүгөрү чыгарып, короо карап, мектеп пахтага айдаса барып пахта терип, картошка казып, атам там салганда кирпич куюшуп, тамеки чаап, тамеки тизип, там жаптыда чакалап ылай ташып, кышында кар күрөп, малга тоют ташып, отун жарып, көмүр жагып, свет өчсө чырак күйгүзүп, чырактын шишесин тазалап, инилеримди көтөрүп, чоң балдардан таяк жеп, байкелер жумшаса учуп барып, киши келсе колго суу куюп, кой союлса шыйрак кармап, аттуу келсе атын алып, кетмен чаап, жер тээп, жөөк салып, чөп отоп, короо суугарып, алыштын башына барып, арык казып, көң жыйып, суу ташып, тандырга отун жагып берип, кемегеге асып чай кайнатып, апам уй сааса торпок салып эле чоңойгом. Аны эч ким эксплуатация дебейт. Деп көрсүн. Мен азыр да ошол кезимди сагынам.
Анан неме, биз жакта мисалы ичеги арткан кордук эмес, ал кубаныч, той болот же конок келет. Куйкум жыттана шорпо бышат. Мен баш куйкалайм, кемегеге от тамызам, атам же акем мал сойот ал да варварство эмес, кадыресе эле көрүнүш. Анан эмне кылышыбыз керек. Нан бактын башында, сүт дүкөндүн холодильнигинде, эт гамбургердин ичинде, тоок КFS де эмес да. Бул биздин кадыресе жашоо. Айылда же Кыргызстанда бүт баарысы эле ала качып, жиндидей болуп үйдөнүп жаткан жери жок азыр. Керек болсо, ата энесинен кыздын колун сурап, тоюн түшүрүп, алып кетип жатышат.
Ооба, турмуш деген оюнчук эмес экен. Көк мээ макоолор да жок эмес. Андайды кылмышкер дейт. Андай киспуруш арамдар Европанын өзүндө да бар. Андайды камаш керек. Бирок, салтыбызда, наркыбызда биздин өзөк, көрөңгөлөрүбүз жатат. Биз ошону сактагыбыз келет. Ал адал үрп адатыбыз биздин көкүрөгүбүздө жашап, биз менен өлөт. Силерге кандай билбейм, бирок мен ушуну менен кыргызмын. Үйүмө конок келсе кой сойом, эт тартам, палоо кылам, беш бармак берем, куйкум жыттанган шорпо киргизем, куйрук боор жегизем, куурдак жасатам, аялым ичеги артат, мен эт салам, балам шорпо сапырат, от жагат. Биз ушинтип эле жашайбыз!
Шайырбек Абдрахман, журналист
Булак: NazarNews.kg