www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги троллейбустардын биринде жаш жигит андагы баардык жүргүнчүлөргө кайрылып, алардын көзүнчө сүйгөн кызынын колун сурады.

Бул көрүнүш тартылган видео декабрь айынын биринчи күнү соцтармактарга тарады.

Анда жигит жүргүнчүлөргө бул кыз менен туура бир жыл мурун дал ушул троллейбустун ичинде таанышканын айтып, “Мен сиздердин баардыңыздардын алдыңыздарда бул кызды бактылуу кылам деп сөз берем жана сиздердин алдыңыздарда “Жаным Нурайда, сенин колуңду сурайм?!”, - деп чөнтөгүнөн шакек алып чыгып сунду.

Алгач тескери карап турган кыз шеригинин “Амей, макул дебейиңби, эй!” дегенинен кийин кайра бурулуп, “Тамашоу!” деп макулдугун берди.

Жүргүнчүлөр жана жигиттин достору окуянын мындай жыйынтыгын кол чабуулар менен кабыл алышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости