www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айэркен Саймаити боюнча Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясын мүчөлөрү Абтандил Кулбараков, Аалы Карашев, Мирлан Жеенчороев, Тынчтык Шайназаров, Алмамбет Шыкмаматовдор жапжаңы, өтө баалуу жеңил машинага түшүп алып кетип баратышса, бир эски жеңил машиначан сүрүп кетет.

-Эй, жигит, сүрүп кеткениң үчүн 10 миң бакс бересиң?!-дейт Абтандил Кулбараков.

-Проблема жок. –деп 10 миң доллар алып чыгып берет.

Сүйүнүп кеткен Абтандил Кулбараков сурап жатат:

-Ким болуп иштейсиң?-деп.

-Криминал дүйнөсүндө киллермин! Профессионал!–дейт экен акча берген адам.

Ач кулактан тынч кулак дегендей Абтандил Кулбараков анын акчасын артка кайрып:

-Кечирип коюңуз братан, акчаңызды өзүңүз алыңыз.-деп 10 миң долларын кайрып сунат.

-Сиз түшүнгөн жоксузбу? Ар бириңизден 10 миң доллар!-дейт имиш киллер.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости