www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын бириндеги мушташтын кесепетинен каза болгон жигиттин өлүмүнө шектелип 2 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-Октябрь ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, 28-октябрь күнү саат 01:30 чамасында Октябрь РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө түнкү клубда мушташ чыкканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, эс-учун жоготуп жаткан адамды табышкан. Жабырлануучу тез жардам унаасында көз жумган. Ал 2000-жылы туулган Б.А. экени такталды.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө түнкү клубдагы жигиттер кайым айтышып, андан кийин мушташ чыккан. Бул факты боюнча Октябрь РИИБдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексиндеги 104-берененин (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иш козгогон.

Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлеринин ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип 2001-жылы туулган М.у А. менен 2000-жылы туулган О.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости