www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тынымсыз жааган жамгыр турак жайды милдетүү камсыздандыруудан алынып салынат. Бул тууралуу ЖКнын 9-октябрындагы, “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам долбоорун кароо учурунда айтылды.
Экинчи окууда каралып жаткан бул мыйзам долбоор эгер колдоо тапса, мыйзамда каралган 18 жаратылыш кырсыгына карата камсыздоонун саны кыскартылат. Бул эл аралык практикада бар экенин финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Мыктыбек Абиров белгиледи.
-Мынчалык көп тобокелчилик дүйнөдөгү бир дагы өлкөдө камсыздандырылбайт. Мындай кыскартуу менен камсыздандыруу фондусунун туруктуулугу сакталат. Финансылык каражаты ашыкча коротулбайт, – дейт Абиров.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда милдетүү камсыздандыруу 2016-жылы кирген. Ага жараша айыл жергесиндегилер бир жылга 600 сом төлөсө, шаардыктар 1200 сом төлөп турак жайын камсыздандырып келишет. Эгер турак жай жаратылыш кырсыктарынан улам жабыркаганы аныкталса, камсыздандыруу фонду 500 миң сомго чейин камсыздандыруу акысын төлөп берүүгө милдеттүү.
Булак: NazarNews.kg