www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров “2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.

"Мыйзамдын максаты ратификациялоо аркылуу мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат", - деп жазылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Бул макулдашууга ылайык, академиянын бюджетинин отчеттуулугу жана аткаруусу, каржылоо булактары аныкталат. Академия түрк маданияты менен мурастарын сактоо, изилдөө жана жылдыруу үчүн иш-чараларды, долбоорлор жана програмаларды колдоого алып жана каржылайт. Илимий жана техникалык, каражат бөлүү маселелерин чечүүгө көмөктөшөт.

Президент 9-ноябрда “Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашуу боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койгон.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 11-12-ноябрда Түркияга иш сапары менен барат. Анын алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитинин "Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар" аттуу сегизинчи жыйынына катышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости