www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы Тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун Кыргызстандагы Түркиянын элчичи Женгиз Камил Фыратка каршы берген доо арызын кароо иши уланууда. Доогер Айтматов элчинин психикалык абалын текшерүү боюнча экспертизадан өтүү керектиги тууралуу өтүнүч киргизди. Анда ал “Мен элчи мырзаны соттук психика жана психиологиялык экспертизага жиберүүнү өтүнөм. Эгер ал жерден элчинин психикалык саламаттыгы чындыгында начар болсо менен арзыды кайтарып алууга даярмын”, - дейт Айтматов.

Анын баамында “эгерде Женгиз Камил Фыраттын психикалык абалы ордунда болгондо ал “Сапат” билим берүү мекемелериндеги окуучу балдарды жана алардын ата-энелерин террордук уюмга тиешеси бар деп билдирбейт эле. Элчи ал окуу жайында балдардын билим алуусуна төлөнүп жаткан акчанын айрым бөлүгү ФЕТО уюмун каржылоого жумшалып жатат. Лицейдин уюштуруучуларынын (учредитель) бири КРдин Билим берүү министрлиги. Андыктан балдар, ата-энелер жана мамлекеттик мекеме террордук уюмдун демөөрчүсү”, - деп айтпайт эле дейт Аскар Айтматов.

Ал эми Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү Түркиянын КРги элчиси Женгиз Камил Фыратка соттук психика жана психологиялык экспертизанын жүргүзүлүшүн колдоого албай тургандыгын билдиришти. Өз учурунда сот дагы Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн оюн тең бөлүшүм Аскар Айтматовдун сунушун четке какты. Белгилейт кетсек, жоопкер Женгиз Камил Фырат соттук отурумга буга чейин дагы, бүгүнкү жыйынына дагы катышкан жок.

Эске салсак, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Аскар Айтматов ФЕТО террордук уюмуна тиешеси бар экендигин билдиргенден кийин экс-министр элчи мырзаны сотко берген.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости