www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөгө атагы чыккан жылдыздар катышкан Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде Түрк даамдары тартылды. Түрк ашканасынын атагын алыска таанытуу максатын көздөгөн
Түркиянын “Орток муундар интеграциясы” (T-ONE) фондунун көмөгү менен Түрк даамдары бул жылы да Оскар сыйлыгынын салтанаттуу аземинде тартууланды.
Лос-Анжелесте өткөрүлгөн Оскар сыйлыгын тапшыруунун 91-салтанаттуу аземинин катышуучуларына тартуулана турган тамак менюсун даярдоо үчүн Түркиянын ашпозчулары
Йигит Мирзаоглы менен Жихан Кыпчак чакырылды. Тамактардан бири “Алиназик” – эт жана баклажандан жасалган Газиантеп аймагына таандык салттуу тамак түрү. Мындан тышкары 500 жыл мурун Осмон Империясынын сарай ашканасында даярдалган “Алча жана Зайтун майы менен жалбырак сармасы”, Эге
ашканасынан “Лавр жалбырагынан жасалган леврек” жана Кайсеринин салттуу “Май мантысы” тартылды.
Десертке Түркиянын белгилүү таттуулары жана 10 кылым мурун да Осмон падышаларынын мартабалуу конокторуна сунган “Анар шербети” берилди.
Булак: NazarNews.kg