www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Режеп Тайип Эрдоган, Алжирдин президенти Абдулмежид Теббун менен жолугушту. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Алжирдин Президенттик сарайындагы жолугушуу жабык эшик артында өткөн.
Бетме-бет жолугушуудан кийин делегациялар аралык жолугушууга өтүлдү.
Жолугушуунун басма сөзгө ачык бөлүмүндө сөз сүйлөгөн президент Эрдоган, Теббун менен жемиштүү жолугушуу өткөргөндөрүн белгилеп өттү.
Экономика,соода,инвестиция, коргонуу өнөр жайы жана туризм тармактарында биргелешип таштала турган кадамдарга жана кызматташтыктарга баа берген Эрдоган, жолугушууда басымдуу түрдө Ливиядагы абалдар каралганын айтты.
Эрдоган: «Түркиянын Ливияда тынчтык жана ырааттуулукту камсыздоодон башка максаты жок. Ливияда тууган канынын төгүлүшүн жана мыйзамдуу өкмөттүн тышкы кийлигишүүлөр менен зыянга учуратылышын көрмөксөнгө салуубуз мүмкүн эмес. Ок атпоонун камсыздалышы жана Бириккен Улуттар Уюмунун жол башчылыгында ливиялыктар тарабынан жактырылган саясий процесске толук колдоо көрсөтөбүз», - деди.
Белгилей кетсек, биргелешкен басма сөз жыйынынын алдында Эрдоган жана Теббун эки өлкөнүн ортосундагы Стратегиялык кызматаштык боюнча Жогорку кеңешинин түзүлүүсү темасында да келишимге кол койду.
Бир тараптан Эрдоган, Алжирдин президенти Теббун менен болгон биргелешкен маалымат жыйынында Ливияда аккан кандын токтотулушу үчүн Түркия катары күрөш жүргүзүүсүн уланта турганын белгиледи.
Режеп Тайип Эрдоган, жыйналышта сүйлөгөн сөзүндө кол салуучу тарапты сыйлыктандырган макулдашуу жана тынчтыкты жактагандарды жазаландырган мамиленин Ливиянын апааты боло турганын айтты.
«Ливиянын террордук уюмдардын жана саясий барондордун оюн талаасына айланышына уруксат берилбеши керек», - деп айткан Эрдоган: «Түркия катары колубуздагы бардык мүмкүнчүлүктөр менен ливиялык туугандарыбызды колдообузду улантабыз»,-деп айтты.
Президент Эрдоган, Алжирдин президенти Абдүлмежид Теббун менен Ливия темасында биргелеше таштала турган кадамдар жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүнө токтолгондорун баса белгиледи.
Алжирдин президенти Теббун да жыйналышта сүйлөгөн сөзүндө: «Президент Эрдоган менен соода көлөмүбүздү 5 миллиард доллардын үстүнө чыгаруу максаты боюнча макулдаштык»,-деди.
Булак: NazarNews.kg