www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баарыбызга белгилүү болгондой былтыр көчмөндөр оюну өткөн учурда Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкөбүзгө келип кеткен. Президенттин бул келишинде эки элдин өз ара кызматташтыгын мындан ары өркүндөтүү боюнча маанилүү сүйлөшүүлөр жүргөн. Айтсак, саясий, экономикалык, соода-сатык, маданий, социалдык мамилелер боюнча маселелер каралган. Жолугушуу жогорку деӊгээлде өтүп, Стратегиялык кызматташтык кеӊешинин жыйынында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-сатыкты 1 миллиард долларга көтөрүү чечими кабыл алынган.

Күзүндө болгон жолугушуудан соӊ эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү максатында бир топ иштер болуп өттү. Айтсак, Түркия тараптан өкүлдөр келип, Президент Сооронбай Жээнбеков, Экономика министри Олег Панкратов, КР Инвестиция тартуу агентствосунун башчысы Шумкарбек Адилбек уулу жана Кыргызстандын алдыңкы бизнес өкүлдөрү менен жолугушуулар болгон. Түркиядан Кыргызстанга инвестиция тартуу боюнча долбоорлор тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн.

Андан соӊ Түркиянын Палаталар жана Биржалар Союзунан, Азия жана Тынч океан боюнча соода жана өнөр-жай палаталар конфедерациясынан, Ислам кызматташтык уюмуна мүчө болгон Соода жана өнөр жай палатасынан, ECOнун Соода жана өнөр жай палатасынан бир топ өкүлдөр келип кеткен. Ошондой эле бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү да Кыргызстанга келип, Экономика жана Айыл чарба министрлери менен жолугушуп, кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеп болгон.

Түркияда 1.5 миллиондой ишкана бар. Экономикасы ыкчам өнүгүп бараткан мамлекетте менчик сектордун орду салмактуу. Эгер ал ишканаларды инвестор катары кызыктыра алсак, Кыргызстандын экономикасына бараандуу салым кошулмак.

Жакынкы күндөрдө биз тараптан Олег Панкратов түрк инвесторлоруна Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип келмекчи. Буйруса үстүбүздөгү жыл дүкөндөрдүн текчелери сапаттуу түрк товарларына толгон, берекелүү жыл болуп калгыдай.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости