www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул окуяны мен тээ илгери Капаш мергенчиден уктум эле. Бирок, анын айткандарына убагында анча деле көңүл бурган эмес болчумун.

Анда эмесе сөз башынан болсун –деп Жараш досум кийинки маегин баштады.

-Капаш мергенчи түнт анан сөзгө сараң киши болучу. Негизи эле мергенчилер ууга чыгып келгенде абдан мактанып айтышат эмеспи, калпты-чынды аралаштырып. Капаш мергенчи калп да айтчу эмес, анан кээде кулакта кала турган сөздөрдү айтканда мемиреп олтуруп укчу элек.

Бир күнү деп сөзүн баштады Капаш мергенчи:

-Башкарма атайын мага киши жибериптир, келип кетсин-деп. Эмне болуп кетти деп барсам, башкарма мени күтүп, ишинен кетпей олтурган экен. Кирип барсам олтурган ордунан тура калды. Анын бул арактенинен эле мен ага абдан керек болуп жатканымды билдим.

Кантсе да эл менен иштешип калгандык кылып сөздү алыстан баштап келип, бир кезде сөздүн ток этээр жерин айтты:

-Капаш, эгер макул болсоң мага баягыдай тоо текенин өтүн алып келип берсең жакшы болот эле. Шаарда жашаган жакшы досум келмек, аны кыз-келиндерге алып барып сыйлап койсомбу-дегем. Ал дагы мен шаарга барган сайын кыз менен сыйлайт. Билесиң, шаардыктарда бел жок эмеспи-деди да, керек жарагыңа деп алдыма 25 рублдан эки купюраны алдыма койду.

Айкандай буга чейин мен, башкармага тоо текенин өтүн алып келип берсем абдан ыраазы болгон. Өзү башкарма болсо, анан колунда мансабы болуп туруп кантип аялынын көзүнө чөп салбай койсун. Мен алып келген тоо текенин өтүн райондун борборундагы көңүлдөшүнө колдонуп, аны ыйлатканын үстүртөн айтып берген болчу. Бул жолу мага элүү сом бергенде мен дароо айттым:

-Дагы ушундан экини кошсоңуз, мен теке жалаган мээр чөптү берем. Бул чөптү колдонсоңор көңүлдөшүңөр ыйлабайт, чаңырат,- десем күлүп:

-Ал эмне чөп, -деп сурап калды. Мен берилүү менен айтып кирдим.

-Жакында ууга чыгып, Кереге –Таштын коңулунан чыга калып, ылдый жакты карасам, тоо теке ондон ашык эчкисин тизин алып секирип жаткан экен. Улам бери жакка келип бир нерсени жалайт да анан кайра секирет. Ал текенин ушунчалык темпераментине таң калып калдым. Бир кезде менин жытымды алып калдыбы, дароо качып кетишти. Анан ылдый түшүп барып баягы теке эмнени жалап жатат деп барсам, таштын арасына жашынып өскөн жалбырак бар - экен.  Ошол жалбыракты жалагылап анан келип эчкилерге ашып жатыптыр. Анан мен ал мээр чөптү үзүп алгам. Аны мен үйгө келип колдонсом, кемпирим чыдабай менден качып калды. Кыскасы, мээр чөптү сизге берейин, мен айткан сумманы  бергендей болуңуз-десем башкарма дароо макул болду.

Башкарма, айтылган күнү келип мээр чөптү алды да анан алгач ал дагы аялына колдонуп көрүп, анан жаш келиндерге барды, шаардагы досун ээрчитип алып. Жашап калган аял эмес болуп-толуп турган жаш келиндер ыйлап чыдабай коюшуптур. Кыскасы, мээр чөптүн кандай касиети бар экени азыр дагы табышмак бойдон. Айтмакчы, ал чөптү азыр кээ бир эски мергенчилер эле билбесе, оңой менен ал чөптү табыш кыйын. Андан дагы азыр мээр чөптү таап алган күндө дагы шаардын үлпүлдөгөн, телефон чукугандан күчүн чыгарган келин-кыздарга колдонбош керек, чыдай алышпайт. Ондон ашык эчки араң чыдаган анын күчүнө, илгерки чыдамкай аялдар гана туруштук бериши толук мүмкүн деп сөзүн аяктады, бул окуяны айтып берген Жараш досум. Айткандай Жараш досум көптү билет анан анын кээ бир айткандары турмуштук сабак да болуп калат.

Укканын жазган Бердония

Булак: NazarNews.kg

Последние новости