www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мегаком» эмнеге сатылбай калды?

Эгер эсиңизде болсо А. Атамбаевдин бийлигинин акыркы жылдарында «Мегаком» соода маркасы менен белгилүү болгон «Альфа Телеком» Жабык акционердик коомун бир нече жолу сатыкка коюлган. Бирок белгиленген 13,5 миллиард сомго кардар табылбай, сатылбай калган. Эски бийлик мындай кадамга барып жаткандыгынын себебин аталган компаниянын техникалары эскирип, жакын арада атаандаштыкка туруштук бере албай кала тургандыгы менен түшүндүрүшкөн. Ошентип мамлекет көздөй мүлкүнөн, болгондо да 2010-жылдагы апрель төңкөрүшүнөн кийин Максим Бакиевдин мүлктөрүн улутташтыруу аркылуу ээ болгон, Кумтөрдөн кийинки эле кирешелүү тармак болгон ишканадан айрылып кала жаздаган.

Кечээ жакында «Мегаком» компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангулов ишкана сатылбай тургандыгын билдирди. Ал мындай чечим өлкө башчылары тарабынан кабыл алынгандыгын маалымдап, - «Бийлик башындагылар компанияны мамлекеттин карамагында калтыруу тууралуу саясий чечим кабыл алышты. Мамлекеттик компания өлкөгө киреше алып келиши керек. Биз, мамлекетке 100% таандык болгон үлгүлүү компания болууга аракет кылабыз» - деди. Анын айтымында акыркы 5 жылда ишкана үлүштүк киреше катары казынага 15 миллиард сом (214 миллион доллар) төлөгөн. Салыктарды кошкондо бул сумма 20 миллиард сомго чейин жетет. Компания жетекчиси бюджетке «Мегакомдон» түшө турган кирешени жылына 20-30% көбөйтүү жагы пландалып жатканын да кошумчалады.

Белгилей кетүүчү жагдай, «Мегаком» өлкөдөгү эң ири деп саналган үч уюлдук оператордун бири. Анын 100% акциясы мамлекетке таандык экендигин эске алып койгонубуз оң. Учурда бюджеттик тартыштык күч алып, ички да, сырткы да карыздар күн санап астрономиялык сумма менен өсүп жаткан кезде, өлкө башчыларыбыздын бул ирет жасаган кадамы туура болду десек жаӊылышпайбыз. Ал эми А. Атамбаев жана анын Ѳкмөтү «Мегакомду» сатуу аракеттери аркылуу жеке кызыкчылыктарын гана жогору койгондугун мезгил көрсөттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости