www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Стамбулдун аэропортунда электрондук тамекини мыйзамсыз алып өтүп жаткан, кыргызстандык 6 жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу түрк   haberler.com маалымат агенттиги билдирди. 

Маалыматка караганда, Станбул шаарындагы аэропорттогу ренгендик текшерүүдөн  улам шек жараткан 9 чемодан жана   6 рюкзак тинтүүгө  алынган.  Аталган жүктөр  6 кыргыз жарандарына тиешелүү болуп чыккан. 

Казакстан аркылуу алып өтүлгөн мыйзамсыз жүктүн ичинен,  7 миң 390 тангак электрондук тамеки чыккан. Товарлар Түрк базарынын баасы боюча 152 миң түрк лирасын түзгөн. Бул аткесчилик боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат дейт маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости