www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТүркПА Кыргызстандагы кырдаалга тынчсызданууда

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясы (ТүркПА) Кыргыз Республикасында өткөн парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн курч кырдаалга карата өз тынчсыздануусун билдирет.

ТүркПА бардык саясий топторго жана жарандарга Кыргызстандын эли тарабынан шайланган президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү мыйзамдуу алкакка кайтаруу аракеттерине биригүүгө чакырат.

"Кыргыз Республикасы ТүркПАнын мүчө өлкөсү болуу менен бирге түрк тилдүү мамлекеттердин өз ара аракетинде маанилүү ролду ойнойт жана мамлекеттин саясий туруктуулугу аймактын коопсуздугунда олуттуу фактор болуп саналат. ТүркПА Кыргыз Республикасындагы кырдаал кыска мөөнөттө КР Конституциясынын негизинде жана мыйзам алкагында турукташтырыларына үмүт артат", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости