www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №27 түзөтүү колониясында мамлекеттин бюджетине ири көлөмдөгү зыян алып келген факи катталды. Бул тууралуу ЖАМКнын басма-сөз кызматы билдирди.

Кылмыш-аткаруу системасынын ички аудит бөлүмү,  ЖАМКнын ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзгөн коррупциянын бетин ачуу иш-чарасында №27 мекеменин кызматтан четтетилген бхгалтериянын кызматкерлери О.А. менен Б. мамлекетке 2 млн. 42 миң 717 сом зыян келтиргени аныкталды.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында, алар 340 миң сомдук зыяндын ордун толуктаганы аныкталган.

Жыйналган материалдар ЖАМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилип, кылмыш иши козголду.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости