www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ата-энемден ажырап, интернатта өстүм...»
Окууну аяктап, тери заводунда иштеп калдым. Советтер союзунда бардыгыбыз иш менен камсыз болчубуз. Ата-энемден эрте ажырап интернатта өстүм. Иш менен катар эле институтта билим алчумун. Бир күну биз иштеген заводго узун бойлуу, өндуү-түстүү жигит келип иштеп калды. Бир жерде иштегенден кийин таанышып, сүйлөшөт экенсиң. Аз убакытта эле жакын адамдарга айланып кеттик. Ал Чүй боорунда жашаган шаардык жигит болчу. Бирок анын да ата-энеси эрте жашында кайтыш болугп кетишкен экен. Менин түпкү тегим Нарындан болгону менен борбордогу N-2 интернатта тарбияландым. Заводдо бардыгыбыз жаштар элек, бир топ жигит сөз айтып жүргөнүнө карабай, жаңы ишке келген жигитти жактырып калдым. Экөөбүз 3 жылдай жакшы мамиледе болуп жүрүп, 4-жылы баш коштук.
"СССР тараганда эсибизге араң келдик..."
Турмуштун чоң дайрасына бирге агууга макулдугубузду берип, ошол эле заводдогуларды чакырып баш кошуп алдык. Арадан убакыт өтүп, тун уулумду төрөп үйдө отуруп калдым. Борбордо туруктуу жашай турган жерибиз жок батирде жашап жаттык. Жыл өткөн сайын жолдошум ичкиликке бериле баштады. Анын үстүнө биз уулдуу болгон жылы СССР тарап, элдин баары ишсиз калды. Ар ким өз арбайын сого баштаган учурда биз каякка бараарыбызды билбей баштадык. Удаа эле боюма болуп, 2 кыздуу болдум. Балдарым жаш, жолдошум болсо күн сайын ичип, күндө уруш-талаш көбөйгөндөн-көбөйө берди. Эгемендүүлүктүн алгачкы 10 жылдыгында бардыбыз коммерция кылууга үйрөндүк. Мен үйдө отуруп алып жарма жасап, мончолордун алдына туруп сатам. Менчилеп жарма саткандар көп болчу. Кээде өтсө, кээде бекер эле туруп кайра келем. Жармадан пайда чыкпай калганда дасторкон жайып майда-барат нерселерди сатытт жүрдүм. Жолдошум жыл санап ичкени көбөйүп, өңү бузулуп, иши кылып эле ичсем дей баштады. Ишке кетип кайра келсем үйдө чака-чайнектер жок. Айтор колуна тийгендин баарын сата бергендиктен оокаттарымды катып кеткенге аргасыз боло баштадым.
"Балдарым мектептен качып, окубай коюшту..."
Мына ушундай турмушта жашап жүрүп, билинбей 15 жылдай өттү. Балдарымды итче тиштеп багып, мектепке киргиздим. Эгемендүүлүктүн 15 жылдыгында эл бир аз тоюна баштаган. Кээ бири бизнеске кетип, мектептеги балдар арасында атаандашуу күч болчу. Кийимге, ичкен тамагына карап мамиле кыла берип, балдарым корунуп мектепке барбай калышты. Улуу кызым таптакыр эле окуудан чыгып, бакмачы болуп иштеп кетти. Кичинекей балдарды багып, мага жардам берип иштегенге өттү. Ошентип өлбөстүн күнүн көрүп жүрүп, бир жатаканага кирип жашап калдык. Ал жатакана биз барган кезде жараксыз абалга кептелди деп жашоочулар менчикке чыгарып жатышкан экен. Биздин кожоюн "Орусияга көчүп кетип жатам, алып калгыла" - дегенинен карыздап акча алып үйдүн башын чыгарып алдым. Ошол үйлүү болгондон тарта санаам тынчып, жонум сергий түштү. Жолдошум болсо ичкиликтен бошоно албай, көчөгө жатып калганга чейин бараар эле. Ичкилик деле адамдын түбүнө бат эле жетет экен, биз үйлүү болгондон көп өтпөй жолдошум кайтыш болул калды. Биз ошол жатакананын бир бөлмөсүндө баш калкалап келебиз. Жетпеген адам такыр эле жетпейби, айтор балдарымды араң чоңойттум. Азыр абдан чарчап, эми өзүм үчүн жашайын дегиче алдан тайып, 50 жашка чыгып калдым. Билим албаган бала кара жумуштан башы чыкпай, туруктуу иш таппай кыйналат экен. Балдарымдын баары эле ошентип өз жанын өзү багып келе жатышат. Эми ушулар бактылуу турмуш куруп кетишсе экен деп тилеп отурам. Турмуштун жыргалын кайсы учурда көргөнүмду элестете албай калдым.
(Каармандын өтүнүчү менен ысымдары аталган жок)
Булак: Фабула