www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-апрелде 2010-жылы Элдик Апрель революциясында курман болгондорду эскерди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2010-жылы Апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү монументине гүл койду. Чогулгандар бир мүнөт үн катпай турушуп, курман болгондордун элесине арналып куран окулду.
Иш-чарага Жогорку Кенештин Төрагасы Дастанбек Джумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, КР экс-президенти Роза Отунбаева, 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, Элдик Апрель окуяларынын катышуучулары, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышты.
«Ата-Бейит» мемориалдык комплексинен кийин Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылы Апрель окуяларында эл эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүү Монументине гүл койду.
Булак: NazarNews.kg