www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаровду конфронтацияга эмес, консолидацияга чакырабыз. Мындай пикирин “Кыргызстан укук коргоо кыймылынын” төрагасыТурсунбек Акун билдирди.
— Турсунбек агай, сиз башында турган “Кыргызстан укук коргоо кыймылынын” демилгеси менен уюштурулган “Кыргызстандагы адам укугунун азыркы абалы” деген теманын негизиндеги талкуу аябай катуу болду. Чындыгында, эл менен бийлик эки жээкте калып, ортодон терең ажырымдык пайда болгондугу көрүндү...
— Биз эгемендик алган күндөн тартып, Кыргызстанда демократиялык коомду куруу, адам укугун жана эркиндигин коргоо үчүн болгон аракетибизди көрүп келдик. Демократиялык түзүлүштү орнотуу үчүн канчалаган митинг, пикеттерди, жөө жүрүштөрдү өткөрүп саясий ачкачылыктарды кармап, көптөгөн кыйынчылыктарды башыбыздан өткөргөн учурларыбыз болду. Акыры акыбетиби кайтып, “Кыргызстан-Борбордук Азиядагы демократиянын аралчасы” деген атка татыктуу болуп, демократияны орнотуу, адам укугун сактоо боюнча бул региондо алдыңкы региондо экендигибизди дүйнө коомчулугу тааныды. Бириккен Улуттук Уюму баштаган көптөгөн эл аралык келишимдерге кол коюп, милдеттемелерди алдык.
Тилекке каршы акыркы мезгилде Кыргызстанда адам укугунун абалы кескин начарлап өз пикирин эркин билдирген саясатчылар, жарандык активисттер, активдүү позициясы бар жаштар массалык түрдө кармалып, иш козголуп, саясий куугунтукка кабылып, камакка алынып “Адам укуктарынын жалпы Декларациясынын” 12-беренеси жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын алты беренеси одоно бузулуп жатышынан кабар берет. Мисалы, Декларациянын 9-статьясында “Эч ким ээнбаштык менен камакка алынууга, кармалууга же куугунтукталууга тийиш эмес” деп так жазылган. Тескерисинче бизде, иш жүзүндө отузга жакын адам адам ээнбаштык менен кармалып, камакка алынды. Саясий куугунтуктар болуп жатат.
Ал эми, Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Москвадан келген Аскар Акаев аксылыктарды аттырып, Шералы Назаркуловдун өлүмүнө себепкер болгондугуна карабастан толук акталып, оор кылмыш кылгандыгы үчүн соттолгон мурдагы президент Алмазбек Атамбаев түрмөдөн бошотулуп, өтө оор кылмыш кылгандыгы үчүн соттолгон мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кызыкчылыгын коргоп, Кыргызстанга алып келүү боюнча аракеттер жасалып жатышы акылга сыйбай турган иш. Эмне үчүн, бийлик тарабынан эч кылмыш кылбаган күнөөсү жок жарандарга кечирим, айкөлдүк көрсөтүлбөстөн, оор кылмыш кылып, адамдардын канын төгүшкөн мурдагы президенттерге жеңилдик берилип, айкөлдүк көрсөтүлүш керек? Бул суроону азыр көпчүлүк кыргызстандыктар берип, бийликтин мындай күмөндүү аракетине наразы болуп жатат. Бул азыркы кыргыз бийлиги тарабынан жасалып жаткан калпыс кадам. Мындай аракеттер улана берсе, мунун арты жакшылык менен бүтпөйт. Мурдакылардын кадамы кайталанбаш керек.
— Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна качан мүчө болуп кирген?
— Кыргызстан Бириккен Улуттар 1991-жылы жана “Адам укугун коргоо кеңешине” 2022-жылы мүчө болуп шайланды. Бул деген “Кыргыз Республикасы адам укугу боюнча бардык стандарттарды милдеттүү түрдө аткарат” дегенди билдирет. Бирок, Кыргыз республикасынын укук коргоо жана сот органдары төрт жарым айдан ашык убакыттан бери саясий өңүттө камалгандардын укугун кордоп, басмырлап, адам укугу боюнча Эл аралык талаптарды аткаруудан баш тардууда. Эгер минтип отурса, БУУнун башкы ассамблеясы Кыргызстанды адам укугун коргоо кеңешинен чыгарып салууга толук укугу бар.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинде: “Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине абийиринин жана ар намысынын корголушуна укуктуу” деп жазылган. Бирок, иш жүзүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери массалык кармалган жарандардын үйлөрүнө эч кандай уруксаты жок эле кирип, күч колдонуп кармап, абийирин жана ар намысын тебелеп, төрт айдан ашык камакта кармап жатат. Кыргыз Республикасынын 32-беренесинде: “Ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө жана пикирге ээ болууга укуктуу” деп айтылган. Өткөн жылдын октябрь айында массалык камалган биздин жарандар чегара маселеси боюнча өз пикирин эркин айтышып, эркин ой жүгүртүштү. Алар Конституциялык укугун ишке ашырышты. Мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланышты. Мыйзам бузушкан жок. Укук коргоо жана сот органдары жарандарды негизсиз камап жана иш козгоп одоно мыйзам бузууларга барганын баса белгилеймин. Кыргыз Республикасынын 39-беренесинде: “Ар бир адам тынч чогулуштар эркиндигине укуктуу. Эч ким чогулушка катышууга мажбурлашы мүмкүн эмес” деп жазылган. Тынч чогулуштарга митингдерге же коргоо комитетинин чогулушуна катышкандыгы үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылбашы керек. Бул адамдын укугун одоно бузуу болуп саналат.
— Демек, “Кемпир-Абад” суу сактагычынын кетишине каршы чыккан жарандардын камалгандыгы Конституциянын беренелерине карама-каршы келет экен да?
— Кемпир-Абад маселесине кайрыла турган болсок, мен өткөн жылдын 15-октябрында Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында өткөн Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу митингге мен да барып катышып, беш саат бою ал жерде чыгып сүйлөгөн бардык адамдардын сөзүн уктум. Алардын дээрлик баардыгы 4500 гектардан көп аянтты түзгөн суу сактагычтын туура эмес берилип жаткандыгы боюнча айтып жатышты. Туурабы же туура эмеспи бул алардын көз карашы, позициясы. Ал үчүн аларды күнөөлөгөнгө болбойт. Андан кийин 20-октябрда ошол эле Кемпир-Абадга байланыштуу өкмөт уюштурган жыйынга да катыштым. Ал жерде да 5 саатка чейин катуу талкуу болуп, Президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев жана оппозициянын өкүлдөрү катышкан диалогго орун берилди. Негизи мындай диалогдор көп болуш керек болчу. Бирок, кыргыз бийлиги мына ушундай диалогдорду уюштура албагандыгын Президентке ачык айттык. Жыйынтыгында “Кемпир-Абад” суу сактагычы Өзбекстанга берилди. Эки өлкөнүн парламенти ал чечимди ратификациялап, делимитация чечимине чекит коюлду. Эми ошол Кемпир-Абадга байланыштуу саясий мотивде кармалып, камалган адамдарды дагы камакта кармоонун кандай зарылчылыгы бар? Азыркы бийлик же өч алуу жолуна түштүбү? Бардык нерсенин чеги болот да. Кандай бийлик болсо да алдын ала чийилген сызыктан чыкпаш керек. ал кызыл сызыктан чыккан бийликтин тагдыры кандай болгонун тарых өзү тастыктап келе жатат го.
— Муну менен эмне демекчисиз?
— Президент Садыр Жапаровду жана анын досу Камчыбек Ташиевди биринчи күндөн баштап колдоп келдим. Алардын бийлигин бекемдөө, бийликтин вертикалдыгын бекемдөө күчөтүү үчүн Конституцияны иштеп чыгууга баш отум менен катыштым. Президент жана анын командасынын жакшы иштери тууралуу ондогон маектерди жана макалаларымды жазып, маалымат жагынан колдоо багытында Президентке жардам бердим. Акыйкат үчүн айтып кетчү сөз, Президент ушул эки жыл аралыгында эл үчүн бир топ оозго аларлык иштерди жасай алды. Жолдор оңолуп, социалдык обьекттер салынып, айлык жана пенсия көтөрүлүп көп иштер аткарылып жаткандыгын тана албайбыз. Ал жетишкендиктер маалымат каражаттары аркылуу элге жетип жатат. Бирок, бул аткарылган иштер элге кызмат кылуучу аткаруу бийлигинин милдеттүү түрдө жасай турган күндөлүк иши.
— Кемпир-абад иши боюнча айрыкча аял адамдар камалды. Жашы жетимишке чыккан аял бийликке кандай коркунуч туудурушу мүмкүн?
— Бул жерде укук коргоо жана сот органдарынын шалаакылыгы да бар. “Бөрк ал десе баш алган” түшүнүк. Азыр куугунтукка кабылып камакта жаткан адамдар бийликти кетирүү же алмаштыруу үчүн эч кандай аракет көрүшкөн жок. Бирок, укук коргоо жана жана сот органдары акыйкат болбой адамдардын укугун жана эркиндигин тебелеп, адамдарды бейкүнөө кармап эркиндиктеринен ажыратып жатса өз сын пикирибизди жана жарандык позициябызды айтпай кое албайбыз. Мыйзамсыз жолго түшкөн калыстыктан тайыган, адамдарды басмырлаган бийлик органдарын укук коргоочу катары колдой албашымды ачык билдирем. Ошондуктан Президент Садыр Жапаров жана анын анын жогорку бийликтеги командасы Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, адам укугунун жалпы декларациясынын жана башка Кыргыз Республикасы мүчө болгон адам укугу боюнча мүчө болгон эл аралык уюмдардын талаптарын так аткарып, адам укугу боюнча Кыргыз Республикасы алган милдеттемелерди сактап, кыргыз жарандарын мыйзамсыз камаган укук коргоо органдарынын ишине туура баа берип, тез аранын ичинде камалган жарандардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу үчүн бардык аракеттерди көрүүсүн укук коргоочу катары суранам.
Эгерде, укук коргоо органдары тарабынан ушундай кысымдар, жана куугунтуктар тынбай уланып, адамдын укугу жана эркиндиги тебеленсе Конституция жана адам укугу боюнча Декларацияда көрсөтүлгөн беренелер одоно бузулса, “нааразы болгон эл дагы көтөрүлүп көчөгө чыкпайт” деп эч ким кепилдик бере албайт. Мен отуз жылдан ашык убакыттан бери башка укук коргоочулар менен бирдикте адамдын укугун жана эркиндигин тынбай коргоп коргоп келе жатканымды көпчүлүк билет. Өлкөнүн биринчи Президенти Аскар Акаевдин доорунан баштап, азыркы Президент Садыр Жапаровдун мезгилине чейин адам укугун коргоо менен алектенип келе жаткандыгымдан мага көп маалыматтар белгилүү. Белгилеп кетчү нерсе, Акаевдин доорунда дагы саясатчылар азыркыдай жапырт камалган эмес. Жашы жетимиштен ашкан аялдар менен жаш кыздар мынчалык кордук көргөн эмес. Кыргыз саясатында биринчи жолу негизсиз аялдар камалып отурат. Бир кезде Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын биринчи катчысы Абсамат Масалиевдин заманында дагы пикет, митинг кылып өз пикирин эркин билдирген үчүн отузга чукул адам адам камакка алынып, иш козголуп, кылмыш жообуна тартылып, азап тарткан эмес. 1990-жылы 24-октябрда онго чукул адам пикет уюштуруп, ачкачылык жарыялап, ушул эле Ак үйдүн алдына чыктык. Мурда мындай “балакетти” эч ким көрбөсө да, элге чоочун болсо да, биздин чындык жана акыйкаттык үчүн чыкканыбызды кыргыз коомчулугу , эл туура түшүнүп биздин демилгени колдоп кетишти. Ошентип биздин аркабыз менен Масалиевдин бийлиги кетип, Акаевдин бийлиги келген эле... Абсамат Масалиев ушул нааразычылык үчүн бийлигинен ажырап жатса да, бизди куугунтуктап кылмыш ишин козготуп, камаган эмес болчу. Андан бери 33 жыл өтүп, Кыргызстанда 3 жолу бийлик алмашуу болуп, 2 президент өлкөбүздөн чыгып кетүүгө аргасыз болуп, бирөөсү камалды. Мына ушундай баш аламандыктардын натыйжасында ондогон адамдар бейкүнөө өлүп, жүздөгөн адамдар жаракат алып жатканына карабастан бул окуялар азыркы бийикке сабак болбой жатышы, укук коргоочуларды, жалпы эле жалпы кыргыз коомчулугун таң калтырууда. Бул процесс дагы эле улана бере турган болсо, жакшылык менен бүтпөйт. Муну азыркы бийлик алдын-ала сезип тез аранын ичинде мындан тиешелүү жыйынтык чыгарышы зарыл. Мени укук коргоочу катары дагы бир түйшөлткөн нерсе, отуз жыл убакыт өтсө да Кыргызстандын башына келген жетекчилер демократиялык коомду өнүктүрүү, адам укугун коргоо жана сөз эркиндигин орнотуу багытында жетишерлик иш алып барбай улам баткакка малынып, оркойгон кемчиликтерди кетирип, биринин катасын экинчиси кайталап, өткөндөн сабак албай жатышы кабатырлантат.
— Сиздин оюңузча “Демократиялык, укуктук жана мыйзамдуу өлкө” болбой калдыкпы?
— Иш жүзүндө тилекке каршы ушундай. Экинчи жагынан алып караганда мыйзам бир тараптуу иштеп жатат. Мисалы, качкын президенттерди актоо, түрмөдөгү мурдагы президентти бошотуу менен Кемпир-Абад маселеси менен кармалган жарандарды салыштыруу мүмкүн эмес...
Өлкөдөгү коомдук саясий күчтөр граждандык коом, өкмөттүк эмес уюмдар жана активдүү өз позициясы бар жарандар өткөндөн сабак алып эбак алдыга кетип өлкөдө демократиялык жана укуктук коом түптөлүп, курулуп калганын кыргыз бийлиги сезбей жатканы өкүнүчтүү. Демократиялык укуктук жана мыйзамдуу жолдон четтеп, адам укугун тебелеп Конституцияны жана мыйзамдарды бузган бийликтин келечеги күмөн экендигин мурдагы бийликте туруп кызматтан алынган жетекчилердин тагдыры айгинелеп келет. Кыргызстандын элин, эркин жарандарын жана коомдук-саясий күчтөрүн коркутуп, үркүтүп, басынтып чөгөлөтүп, камап, соттоп, сабап, коркута албасын кыргыз бийлиги эртерээк түшүнүшү керек. Бул келечеги жок, караңгыга жарга жана башаламандыкка алып бара турган коркунучтуу саясат. Ошондуктан биз, бүгүнкү тегерек столдо Президент Садыр Жапаров башында турган бийликти конфронтацияга эмес, консолизацияга, кызматташууга, диалогго чакырабыз. Президент чыныгы айкөлдүктү көрсөтүп, өз элине тегиз карап душман күтпөй калыс жана акыйкат саясатты жүргүзүп, улуттун башын бириктирип бардык саясий жана коомдук күчтөрдүн тилин таап, дүйнөдөгү буркан-шаркан болгон ушундай оор мезгилде Кыргызстан деген кемени чөктүрбөй сактап калуусу азыркы мезгилдин талабы.
Турдайым Кожомбердиева, "Ордо Пресс"