www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журт башчысы боло турган түштүк кулунунун көзүн кантип жок кылышкан? Жээнбеков Акаевдик бийликке каршы аттанган түштүктүн мыкты уулу эле. Экөө тең буюртма ажал менен жок кылынган. Жээнбековдун буюртма ажалы өткөн кылымдын аягына туш келген. ГКЧП учурунда суу жүрөк Акаев менен Шеримкуловдон айырмаланып КТР жетекчиси Сатыбалды Жээнбеков ГКЧПга каршы чыгат. Көп өтпөй Акаев менен келише албай Жээнбеков оппозицияга өтүп, парламентке депутат болот. Ичкиликти оозуна албаган Сатыбалды Жээнбековдун жубайы Токмокко кеткен күнү үйүндө эки киши болгону аныкталган. Анын бири Бабановдун бир убактагы кол баласы Көтани же азыркы генерал Суваналиев болсо, экинчиси Каптагаевдин кол баласы Бакыт Бакетаев болгон. Булар эмне себептен Жээнбековдун үйүндө ал тиги дүйнөгө узар алдында болушкан. Булардын ошол убакта Жээнбековдун үйүндө экенинин далилдери бар, ошол күнү капилеттен ооруканада көз жумган Жээнбековду бийлик ичкиликтен каза болду деп чыккан. Ичип жүргөн адам болсо мейли, Жээнбеков ичпеген адам болгондуктан аны ким зордоп ууландырган. Анын үстүнө бул кылмыш иши жабылып, «Жабылуу аякка» эч ким киришкен жок. Кыңыр иш кырк жылдан кийин билинчү эле. Сатыбалды Жээнбековдун иниси Жусупжан 2005-жылы Жалал-Абадда элдик губернатор болгон. Бакиев менен батышпай Таласка губернатор болгон. Ал жерден СДПК аркылуу 2007-жылы ЖКга депутат болуп уулун жана кесиптеши Руслан Шаботоевди 2008-жылы уурдап көздөрүн тазалаган, анын сөөгү 2009-жылы табылып буюртма өлүм экени аныкталып, ага заказ берген Стамкулов «Өнүгүү» партиясында тайраңдап, шайлоо алдында Сузакта «Бир болго» кол салганы аныкталган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg