www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда бошотулбайт жана жатак абагына которулбайт. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаев Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылган Ысык-Көлдүн Түп районунда өткөн митингдин катышуучуларына жооп катары билдирди.

Кечээ, 22-январда Садыр Жапаровдун кичи мекенинде анын абактан бошотулушун талап кылган митинг өткөн. Мелис Турганбаев билдиргендей, мурдагы депутат “Күч колдонуп, алдын ала сүйлөшүү жолу менен барамтага алуу” беренеси менен өтө оор кылмыш боюнча соттолгон.

Эске салсак, Садыр Жапаров 11 жыл 6 айга соттолгон. Анын жазаны өтөө мөөнөтү 2017-жылдын 25 мартынан тартып, 2026-жылдын 5-октябрына чейин созулат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости