www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы учурда көпчүлүк адамдардын пластикалык операциядан алыстап, гель куйдуруу, же башкача операциясыз процедураларды кылдыруу модага айланып баратат. Бирок, мындай учурда көпчүлүгүнүн оюндагыдай болбой, жабыркагандар арбын. Ошого карабастан оозу-мурдун барбыйткандар күндөн-күнгө көбөйүүдө.
Ага дагы бир мисал далил болду. Казакстандык 10 жылдык тажрыйбасы бар пластикалык хирург Мусаев Мерей Нурлыбекович өзүнүн Инстаграмм баракчасына төмөндөгүчө жазып чыкты:
“Кутман таң достор! Сиздер менен бүгүн бир жаңылык менен бөлүшкүм келип турат. Пациентке мындан он жыл мурун Кыргызстанда бир жаран эки кашынын ортосуна, мурдуна, оозуна белгисиз гель куйдурган экен. Убакыт өтүп, кашындагы гель мурдун карай агып кеткен. Ал эми оозундагы гель оозунун ар бир бөлүгүнө жыйналып, пациентке кедергисин тийгизген. Ушул себептен айтылган жаран бизге келиптир. Анын бетинен жалпы 3-4 мл саргыш түстөгү гель алынды.
Урматту достор сиздерге менин өтүнүчүм, беттериңиздерге кандайдыр бир процедура жазаткыңыздар келсе, текшерилген жана тажрыйбасы мол дарыгер тандооңорду суранам”,-дейт пластикалык хирург.
Булак: NazarNews.kg